Акыйкатчы Сокулукта 13 жашар кызды 9 киши зордуктап жүргөнүн айтты. Милиция эмне дейт?

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Башкы прокурордон жана Ички иштер министрлигинин жетекчилигинен бир жылдан бери тогуз эркек такай зордуктап жүргөн 13 жаштагы кызды коргоо боюнча тез арада чара көрүүнү талап кылды.

Иллюстративдик сүрөт.

Акыйкатчы институтуна жабырлануучунун апасы кайрылган. Анын айтымында, өткөн жылы апрель айында кызын 20 жаштагы жигит алдап унаасына салып кетип, шаардын четине алып барып зордуктаган. Ал «бирөөгө айтсаң 40 эркекке салып берем» деп коркуткан. 

«Бул окуядан кийин кызымдын жашоосу талкаланды. Аны мектептин же үйдүн жанында жигиттер аңдып, коркутуп-үркүтүп, машинага отургузуп кетип жүрүшкөн. Ата-энеңе айтып беребиз деп коркутуп зордукташкан. Кызымды 9 жигит колдон-колго өткөрүп беришкен. Алар жыл бою такай кызымды коркутуп-үркүтүп эч кимге айттырбай зордуктап жүрүшкөн», — дейт кыздын апасы.  

Жабырлануучу буга чейин үч жолу өз жанын кыюуга аракеттенген. Ал эми быйыл январда кыз дайынсыз жоголуп, 20 күндөн кийин табышкан. 

Жаманбаеванын айтымында, милиция кылмышка шектүүлөрдү жоопко тартуу үчүн эч кандай аракет кылган эмес. Ошол эле учурда жабыркаган кыздын үй-бүлөсүнө карата куугунтуктар башталып, шектүүлөрдүн жакындарынан коркутуулар тынымсыз болуп турган.

Милиция эмне дейт?

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан «Клоопко» жабырлануучунун апасынын «милиция тарабынан чара көрүлбөй жатканы» тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын жана аталган окуяны териштирүү жүрүп жатканын билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл 23-январда Сокулук РИИБге 41 жаштагы тургун 15 жаштагы кызын издөөгө жардам берүү арызы менен кайрылган. Ал 22-январь саат 08:00 чамасында мектепке кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кыз 11-февралда табылып, Сокулук РИИБине жеткирилген.

Териштирүүнүн натыйжасында, кыз буга чейин бир нече жолу үйдөн чыгып кеткени белгилүү болуп, ага карата соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган. 

Окуя Сокулук РИИБине катталып, «Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жабырлануучу көрсөткөн жарандар аныкталып, алынып келинип, алар менен бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, иликтөөнүн жыйынтыгы менен кылмышкерлердин аракеттерине юридикалык баа берилет», — деп айтылат билдирүүдө.