УКМК издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов жана анын үч бир тууганы кармалганын тастыктады

25-мартта коррупция боюнча күнөөсүн моюндап, эл аралык издөөдө жүргөн экс-бажычы Райымбек Матраимов Азербайжандан кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу 27-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Райымбек Матраимов менен бирге анын бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов жана Исламбек Матраимов да колго түшкөн.

УКМКдан Матраимов кармоо учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болгонун жана бажы кызматкерлери менен мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөнүн белгилешти.

«Матраимовго карата “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу” белгилери  боюнча кылмыш иши жүрүп жатат», — дешти атайын кызматтан.

Буга чейин, 23-мартта Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экени аныкталып, УКМК аны кармоо боюнча Азербайжанга кат жөнөткөн.

Аны менен катар, атайын кызмат Матраимовдун өлкө жетекчилигине кол салууга камынган Азербайжандан келген уюшкан кылмыштуу топко байланышы бар экенин аныкташкан. 

Райымбек Матраимов ким?

Райымбек Матраимов 2015-жылдан 2017-жылга чейин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Бул тууралуу 2020-жылы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP’нин журналисттери бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөөсүндө айтып беришкен.

2021-жылдын башында Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Бажынын төрагасынын экс-орун басары да коррупцияны мойнуна алып, бюджетке келтирилген зыяндын калыбына келтирүү үчүн 2 млрд сом төлөгөн.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын февралында УКМК Матраимовдун жалпы баасы 3 млрд 98 млн 134 миң сомго бааланган кыймылсыз мүлкүн мамлекеттин менчигине алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Райымбек Матраимовдун дээрлик 4 миллиард сомдук мүлкү мамлекетке алынды

Матраимов менен байланышы үчүн «карапайым адамдарды» эмес, президенттерди жана жогорку аткаминерлерди жазалаш керек — Нарматова