Маркум өзү келсин. Жогорку сот көмүр карьерин басып алган рейдерлерди колдоого шылтоо тапты

Жогорку сот рейдерлер басып алган «Уу-таш» көмүр кенине лицензияны маркум ишкердин үй-бүлөсү менен өнөктөштөрүнө кайтарып берүүдөн баш тартты. Баш тартууга арыз менен сотко компаниянын негиздөөчүсү өзү эмес, өнөктөштөрүнүн бири кайрылганы себеп болгон. Ал эми компаниянын негиздөөчүсү 2019-жылы, сот териштирүүлөрү башталганга чейин эле көзү өтүп кеткен.

Бар мүлкүн сатып, Баткендин Кадамжай районунда «Уу-Таш» көмүр кенин иштете баштаган ишкер Шабданбек Алимбаевдин окуясын «Клооп» бир жыл мурда кеңири айтып берген. Ош шаардык Кайгуул милициясынын башчысы Болот Нурматов башында турган баскынчы чиновниктер бизнесмендин күтүүсүз ооруп, андан соң дүйнөдөн өтүп кеткенинен пайдаланып, алдамчылык жол менен көмүр кенин тартып алып, анын лицензиясын «Ысман-Тоо» компаниясына өткөрүп берип салышкан.
 
Маркум Шабданбек Алимбаевдин үй-бүлөсү жана анын өнөктөштөрү рейдерлер менен соттошо башташкан. Болот Нурматовдун шериктери соттон утула баштаганда кайгуул кызматынын башчысы компанияны 520 миң долларга алда канча таасирдүү кишиге — Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна сатып салган

Депутат «Ысман-Тоо» компаниясын сатып алганын танган, бирок «Клооп» өз иликтөөсүндө анын бул компания менен байланышын тапкан. Кендин негиздөөчүсүнүн жакындарынын жана өнөктөшүнүн айтымында, Коргонбай уулу аны парламенттеги кесиптеши, УКМКнын башчысынын иниси Шайырбек Ташиев менен бирге иштетип жатат.

Маркум Шабданбек Алимбаевдин үй-бүлөсү жана өнөктөшү рейдерлер менен 2020-жылдан тартып эле соттошо баштаган. Ушул төрт жыл ичинде алар кендин лицензиясы мыйзамсыз өтүп кеткенин далидешип, ал эми баскынчы милиционер Болот Нурматовдун шериктери соттолгон. Бирок 2023-жылдын декабрында Жогорку сот «Уу-Таш» кенинин лицензиясы «Ысман-Тоо» компаниясына мыйзамсыз берилип кеткенин таануудан баш тарткан. Судья арызды Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин компаниянын жетекчиси болуп турган маркум ишкер өзү эмес, анын өнөктөшү берген деген жүйөгө таянып жатат. Ошентип Жогорку сот «Уу-Таш» карьерин негиздөө үчүн болгон мүлкүн сатып, акча-каражатын жумшаган маркум ишкердин аялын, артында калган үй кичинекей баласын куржалак калтырды.

Авторлору: Виктор Мухин, Арууке Солтоной