УИАнын мурдагы кызматкери Карабаев массалык башаламандыктарга чакырууга шектелип жатат

2-июлда УКМКга суракка чакыртылган Улуттук илимдер академиясынын (УИА) мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев массалык башаламандыктарга чакырууга шектелип жатат. Бул тууралуу Фейсбукта укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Карабаевдин адвокатына таянып билдирди. 

Анын айтымында, Карабаев сурак бергенден кийин бөгөт чарасы каралганча деп УКМКда калтырылган. 

«Адвокат аны аталган кылмышты кылган деп шектөөгө негиз жок деп эсептейт жана иш кыскартыларына үмүттөнөт», — деп жазды Абдирасулова. 

УКМК азырынча Карабаевдин сурагы боюнча комментарий бере элек.