Жакшы каралбайт. Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагынан көз жумган аялдар

Иллюстрация: «Медиазона. Борбордук Азия»

Жатын моюнчасынын рагы — кыргызстандык аялдар арасында онкологиялык дарттар боюнча экинчи орунда турат. Залалдуу шишик менен ооруган аялдардын дээрлик жарымы диагноз коюлган эле жылы көз жумат.

Мындай көрсөткүчтүн себеби: дарыгерлер менен бейтаптар онкологиялык оорулардан сактанууга жетиштүү көңүл бурушпайт. Бул оору менен ооруган аялдардын 40% га жакыны үчүнчү же төртүнчү этапта, дарт өтүшүп кеткенде дарыгерге кайрылышат. 

«Борбор Азия Медиазонасы» кыргызстандык аялдар жатын моюнчасынын рагынан кантип айыгат, канчасы өмүрү менен кош айтышат, бул дартка каршы күрөшүүдө мамлекет канчалык натыйжалуу иштеп жатат деген суроого жооп издеди. 

Саат он бирге он мүнөт калган эле. «Жакын эле жерде экенбиз» деп ойлогон бойдон  аянттын кире беришиндеги Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына көз чаптырдым. Дубалынын бетине советтик герб түшүрүлгөн барельеф, кабыл алынганына жыл айлана элек өлкөнүн жаңы желеги менен жанаша жайгашкан. Эки айрылыш жолдогу жекшемби күндүн тынчтыгын тез-тез басып, кышылдай дем алган адамдын добушу бир саамга бузду.

Көп жылдык дарактарды тиктеп, сейил бактын аллеясындагы ийрейип калган отургучта мени Гүлмира күтүп отурган. Аял билегиндеги мончокторду колу менен акырын ары бери жылдырып эки жакты карайт, ачык түстөгү кийим-кечеси анын жайбаракат маанайынан кабар бергенсийт. 

«Кандайсыз? Кофе ичпейт белеңиз? Жакын жерде жакшы кофекана бар», — деп сөз баштадым мен. «Балким, паркта эле калганыбыз жакшыдыр? Бул жер жакшы көлөкө экен», — деп Гүлмира дарактардын учун көрсөттү. Ал таза абада, санаага батпай, жайбаракат өткөргөн ар бир учурдун баасын жакшы билет.

Он сегиз жыл мурун, 2006-жылы баары башкача болчу. Оорукананын дубалдарындагы өткөн узак айлар. Кезектерде жана процедураларда өткөн  ондогон саат. «Өлүп калсам, балдарымды ким карайт?» — деген күн сайын түйшөлткөн түмөн ойлор. Гүлмира экөөбүз ошол жылдарга кайтып келебиз.

Күтүүсүз диагноз

Гүлмира Абдыразакова 39 жашта. Токмоктогу чарбасындагы милдеттери, андан сырткары үй-тиричилиги: балдардын түйшүгү жана күйөөсүнө кам көрүү баары анын мойнунда.

Көптөгөн кыйынчылыктарга карабай, аял ар дайым ден соолугуна аяр мамиле жасап келген: жыл сайын текшерүүдөн өтүп, гинекологго баруу жагымдуу эмес, бирок зарыл иш. Кезектеги жолу дарыгерге барганда Гүлмира бойго бүтүрбөй турган спираль койдурмак болгон. Бирок, бойго бүтүүдөн сактоочу бул каражат аялдын жатынына такыр эле жайгашпай коет, «көпкө чейин кан токтобойт». Жергиликтүү дарыгерлер ийин куушуруп коюшат, ал эми өзүнүн тынчсыздануусу күчөй берген.

«Жатын моюнчасында өзгөрүүлөр бар. Онкологияга барып көрүнүшүңүз  керек»,— дейт күтпөгөн жерден Гүлмирага Токмокко борбор калаадан келген профессор.  

«Чынын айтсам, мен көп нерсени түшүнгөн эмесмин. Онкология жана башка  бардык оорулардан кабарым жок эле».

Бишкектеги онкологиялык ооруканадагы биопсияда клеткаларды жана ткандарды микроскопиялык изилдөөдө жатын моюнчасынын рак оорусунун үчүнчү баскычы деп диагноз чыккан.

Бул Кыргызстандагы аялдар арасында кеңири тараган онкологиялык оорулардын бири. Орточо алганда, республикада жыл сайын дарттын  болжол менен 470 жаңы учурлары катталат, бул расмий катталгандарынын гана саны. Ал арада жыл сайын ошол диагноз менен 230га жакын аял көз жумат.

Гүлмира бир нече жылдан бери анын денесин залалдуу шишик билинбестен уулап келгенин, ал эми гинекологдор эч нерсени  байкашпаганын билген. Хирург онкологдор сунуштаган ыкчам  дарылоого «буту тартпай койгон, коркуу сезими күч алган». Эптеп операция жасатайын деп чыгынганда, ооруканада орун жок болуп калган.

«Хирургия бөлүмүндө орун жок болчу. Экинчи жолу келдим — дагы орун жок. Билесизби, мындай учурда адамдар өзүн жоготуп коюшат экен. Мен да ошентип  кетип калдым. Кеткенде да адашып, Биологиялык Активдүү Кошулмаларга (БАК) кеттим».

Очойгон суммага алынган «ракка каршы» жана «шишикти өлтүрөт» деген жазуулары бар кубарган, жыттуу банкалар айыгып кетүүгө куру үмүт беришти. «Алтынчы сезимим дарыгерлерге бар деп мени ойготконго чейин убакыттан уттурдум», — деп эскерет Гүлмира.

Аял болгон эркин жыйып кайрадан онкологдорго жөнөйт. Бирок алардан «Операция жасаганга кеч болуп калыптыр» деген сөздөрүн угуп түшүнүксүз абалда чыккан. Тамагым кургап кетти. Гүлмира оорукананын ашканасына түшүп, бир стакан компот алып, ууртап да албай ыйлап баштайт.

«Мен кудайга кайрыла баштадым. Менин улуу кызым мектепти  бүттү, андан кийинки уулум чоң класста, бирок кенжетайларым абдан эле  кичинекей. Төрт балам бар. Мен балдарды баксын деген ой менен  бирөө жарымды  күйөөмө алып берүүгө көндүрүүгө даярдана баштадым».

Жок дегенде балдары чоңойгонго чейин жашап турайын деген аял болгон  мүмкүнчүлүктөргө жармашууну чечкен. Эжеси сунуштаган жаңы дарыгер аны кайра текшерүүгө жөнөтүп, кийин мурунку дарыгерлер ага айтпаган тышкы жана ички  нурлануу жана химиотерапия курсун дайындаган. 

«Нурлануу терапиясынын башчысы мени бардык курстардан өттүң, мүмкүнчүлүгүң бар. Баары сенин колуңда деди», — деп Гүлмира кайрадан сөзмө сөз эскерип айтып берип жатты.

Иллюстрациянын автору: Никола Нидвора / Медиазона

Жардам берем деген убада

«Мен кудайдан жардам сураганда, кийин өзүм анын ордуна башка мен сыяктуу аялдарга жардам берем деп убада берген болчумун — деп эскерип отурду Гүлмира скамейкада. — Билбейм, балким кудай мени уккандыр дейт ал. Ошондо баары ойдогудай кете баштады». Аял рактын үчүнчү стадиясынан бир жылдык терапиядан кийин айыгып кеткен.

Мында, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ЖМР менен ооруган кыргызстандык аялдардын 25%ы диагноз коюлган эле жылы каза болуп калышат. Себеби, көбүнчө диагноз кеч коюлуп калат — болжол менен 40% аялдар рак үчүнчү же төртүнчү стадиясына жетип калганда  дарыгерлерге кайрылышат.

Гүлмира реабилитациядан кийин онкология жаатында активист боло баштаган. 2012-жылдан баштап жетектей баштаган «Ракка каршы бирге» уюмун ачып тилектештерди тапкан. Тигүү цехинде сумкаларды чыгарып жана онкологиялык оорулуулар үчүн кайрымдуулук концерттерин уюштуруп баштаган. «Бирок мен бул жетишсиз экенин түшүндүм. Биз болгону 10 кишибиз, эң көп дегенде 15 адам, ал эми калган миңдеген адамдар колдоосуз калышат».

Гүлмира азыр 57 жашта. Анын жатын моюнчасынын рагын жеңгени, активдүүлүгү боюнча жеке жеңиши мамлекеттик машинага каршы күрөшкө айланган. Кыргызстандык айым 2018-жылдан бери бюджеттик адвокаттык менен алектенип: аткаминерлерден дары-дармеке, аппаратурага, дарыгерлердин окутуусуна акча өндүрүп келет.

Алсак, 2021-жылы ал парламенттик угууларга катышкан, андан кийин республикада өнөкөт оорулары бар бейтаптарды дарылоого, анын ичинде онкологиялык оорулуулар үчүн химиотерапияга жыл сайын миллиард сом бөлүнө баштаган. Гүлмира дагы бир миллиардды онкобейтаптарга бөлүп берүү үчүн күрөшүүнү пландап жатат, анын жарымы «бир гана» жатын моюнчасынын рагынан жабыркаган аялдарды дарылоого жумшалмакчы.

«Биз  аялдарды азыр сактап калышыбыз керек. Дагы канча аялды  жоготобуз? Дагы канча жаш энелер кетишет?», — дейт Гүлмира.

Кыргызстанда жыл сайын орточо эсеп менен 14 миң аялдын 100ү рактын бул түрүнө чалдыгат. Бирок, 10 жыл мурун, оорунун көрсөткүчү жогору болгон.

Бир саат баарлашкандан кийин биз отурган бакка  Бишкектин ысыгы жетти. Гүлмира менен сүйлөшүүдө градус дагы өзгөрдү — ал Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы жөнүндө сөз кылып жатып, көбүрөөк жаңсап сүйлөй баштады. Тамырлап кеткен көйгөйдү чечүү аны эң көп ойлондурат.

«Мен дарыгерлерди күнөөлөй албайм. Бул жерде система күнөөлүү. Көп жылдар бою саламаттык сактоо системасы онкологияны таптакыр карабай койгон, —  деп түшүндүрдү Гүлмира. — Союз тарагандан кийин мамлекет бейтаптарды камсыздап жатты , анан баарын таштап салган. Акча жок, акча жок. Адамдар башында азап чегип кыйналышып, кийин  көнүп калышат. Андан кийин акча жок жана күрөшүүнүн кереги жок деген нерсе системага айланган». 

Ал саламаттык сактоо системасындагы кемтиктерди тизмектеп кетти: онкологияны дарылоого акчанын жетишсиздиги, дарыгерлерде жана бейтаптарда онкологиядан сактануу чараларынын төмөндүгү — акыркысы менен  саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери да макул. Акырында Гүлмира аз айлык акы үчүн оор шартта иштөөгө аргасыз болгон дарыгерлердин жетишсиздигин так айтат.

«Ар бири бейтапка 20 мүнөт бөлүп, түшүндүрүп, суроолорго жооп бериши керек. Бизде кандай? Тез-тезден бейтаптарды  өткөрүп жиберишет, анткени коридордо башка бейтаптар кезек күтүп турушат. Бул чоң жүктөн дарыгерлер чарчайт. Ал эми адам чарчаганда, зомби болуп калат», — деп Гүлмира салыштыруу менен түшүндүрдү.

Иллюстрациянын автору: Никола Нидвора / Медиазона

Ден соолуктун баасы

The Lancet журналыныны изилдөөсүнө ылайык, аялдардын рак оорусуна жана өлүмүнө ар кандай социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр таасир этет. Алардын арасында-бейтаптардын каржылык абалы жана жынысы боюнча басмырлоо.

Мында гендердик курам онкологиялык оорулардын түзүмүндө да көрүнүп турат. Кыргызстандык аялдардын арасында рактын эң көп аныкталган түрлөрү аялдардын репродуктивдүү системасы менен байланышкан.

Гүлмира онкология менен ооруган жүздөгөн кыз-келиндер стереотиптерди жана теңсиздикти башынан өткөргөнүн айтат. Маектешүү учурунда ал таанышынын окуясын капалуу көздөрү менен эстеди: «Үй-бүлө жупуну жашачу. Үй жандыктарынан бир уй менен бир-эки кой кармачу. Күйөөсү  акчасын аяп, уйду сатып аялын дарылатуудан баш тарткан, башка акчалары жок болчу. Аялы каза болуп калды. Ошондо уйду акыркы сапарга узатуу зыйнатында сойду. Артында эки баласы калды».

Гүлмиранын рак менен күрөшүүдөгү өнөктөшү жана «Жашоо үчүн бирге» фондунун башчысы Шайырбү Сагынбаева, онкология менен күрөш гендердик көйгөйлөр менен катарлаш жүрөт деген пикирине кошулат.

Мисалы, Кыргызстандын айымдары акы төлөнбөгөн үй иштерине эркектерге караганда беш эсе көп убакыт коротушат. Бул кыргыз аялдарынын арасындагы жумуш менен камсыз болуунун деңгээлинин төмөндөшүнө таасир этет. Алар аз киреше табышат, жумуш табуу мүмкүнчүлүгү азаят.

Шайырбү бир буту өзү үйүндө болсо, экинчиси дарыланганы аймактардан келген аялдар үчүн ачкан хостел менен онкологиялык оорулуулар үчүн цехтин ортосунда. Убактысынын баарын ошол жерде өткөрөт.

Анын айтымында, бейтаптардын үй-бүлөлөрүндө каржы тартыштыгы көп кездешет. Мисалы, анын цехиндеги аялдар онкологиядан айыгуу үчүн насыя алышат жана үй мүлктөрүн сатышат. Ошол эле учурда саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын жатын моюнчасынын рагы менен ооругандарды дарылоого 500 миң доллардан ашык каражат коротоорун маалымдаган — ар бир бейтапка 300 доллардан  эки миң долларга чейин.

Шайырбү Сагынбаева Оштун тургунунун күйөөсү менен болгон кейиштүү маекти эстеди. Рактын айынан аял оң эмчегин алдырган. Дарыгерлер алдырган эмчеги тарабындагы колуна күч келтирүүгө тыюу салышкан. Лимфа бездери морт болуп, ийиндери шишип кеткенине карабай, күйөөсү келиндик милдетин аткартып: ысык тандырга нан жаптырып, тамак бышыртып, үйлөрдү жыйнап-тазалоо иштерин жасоого мажбурлаган. «Ал мындай дейт: "Мен катын болушум керекпи, же эмне?”. Мен: "Сен ага ремиссияга чейин убактылуу жардам берип турсаң болот го?!,  дедим Ал өлүп калсачы? ” десем. Ал: "Өлсө өлүп калсын, мен үйлөнүп алам" деди. Мен: "Балдар сеникиби?—деп сурасам - "Ооба, алар чоңоюшат да" деп жооп берди. Мени бул сөздөр абдан таң калтырды».

Активисттердин тыянактары менен «Чек арасыз дарыгерлер» да макул. Уюмдун өкүлү Жамиля Барсанаева Чүй облусунда ички мигранттар көп экенин, алар көбүнчө жупуну жашаарын «Медиазонага» айтып берди. Мындай түгөйлөрдө аялдар көбүнчө жубайларына каржылык жактан көз каранды жана өз ден соолугуна делген бюджетти өз алдынча башкара алышпайт.

Маданий жана диний көз караштар аялдардын өз ден соолугуна кам көрүүсүнө да таасирин тийгизет. «Эгерде аял ооруса — доктурга кайрылат, бирок оорубаса — гинекологго кайрылбайт. Күйөөлөрү: "оорубай эле турасың го, эмнеге доктурга барасың?", дешет. Ошондуктан эрте диагноз коюу солгун жүрүүдө», — дейт Барсанаева.

Иллюстрациянын автору: Никола Нидвора / Медиазона

Эрте диагноз коюу

Гинекологдорго үзгүлтүксүз барганына карабастан, Гүлмира 2006-жылы жатын моюнчасынын рагын өз убагында аныктай алган эмес. Ошол эле кезде ЖМР —  өнүгүшүн скрининг менен алдын ала көрүүгө  жана алгачкы этапта дарыласа айыга турган залалдуу шишиктин көп  түрүнүн бири. Себеби, 95% учурларда, аялдарда жатын моюнчасынын рагы адамдагы папиллома вирусунан улам пайда болот.

Адамдын папиллома вирусу (АПВ) – белгилүү 200 вирустун бир тобунун аталышы. Көпчүлүк штаммдары адамдарды тынчсыздандырбайт жана денеден өз алдынча жоголуп кетет. Бирок, кээ бир түрлөрүнүн, мисалы, 16 жана 18, 31 жана 33, 52, 56 жана башкаларынын — онкогендик коркунучу жогору. АКШнын Улуттук онкология институтунун маалыматы боюнча, адамдардын көпчүлүгү өмүр бою папиллома вирустун жок дегенде бир түрүн жуктурушат.

Гүлмиранын айтымында, ал эч качан АПВна текшерилген эмес — 2000-жылдардын башында скрининг  саламаттык сактоо тармагы  өнүккөн өлкөлөрдө гана иштей баштаган. Бирок, Бегайым Замирбекке окшогон жаш кыргызстандык кыз-келиндер үчүн бул жаатта оңоюраак болгон, анткени — азыр көптөгөн жеке лабораториялар анализ тапшырууну сунуштап жатышат.

Бегайым Бишкекте жашайт, менеджмент тармагында карьерасын жасап, саякаттап, Инстаграмда өзүнүн микроблогун жүргүзүп келет. Өзүнүн 35 жаш курагында балдары жана күйөөсү тууралуу түйшүк тартканга мажбур эмес, ал эми тапкан каражатын көбүнчө ден соолугуна сарптайт.

22 жашында денесине сөөл чыга баштаганын байкаган. «Менде АПВ бар, анткени таенеңде, менде да бар. Андыктан бул кадыресе көрүнүш, баарында эле бар. Эгер папилломалар болсо, аларды күйгүзүп сал», — деп кызды энеси сооротуп коет.

Бирок Бегайым 25 жашында биринчи жолу барган гинеколог аны АПВга анализ тапшырууга жөнөтөт — алар вирустун онкогендик штаммын тастыкташат.

«Башында, албетте, коркунучтуу болот, анткени бул жагымсыз чындык эмеспи. Бирок менин үй-бүлөмдүн тарыхында рак оорусу жок деп ишендииришти. Ошондуктан, эгер мен пландуу текшерүүлөргө барсам, ракты убагында аныктасам анчалык деле коркунучтуу эмес», — деп  бишкектик дарыгер менен болгон маегин эскерет ал. 

Ал азыр статусуна паранойясыз  мамиле кылат. «Албетте, сизде вирус бар болсо, бул нормалдуу эмес. Бирок бул коркунучтуу дагы  эмес». Бегайым жыл сайын гинекологго текшерилип, организминдеги вирусту дайыма көзөмөлдөп турат. Ал эгерде ал папиллома вируска каршы эмдөөдөн өтүүгө мүмкүнчүлүгү болсо, анда ал сөзсүз вакцина алмак.

Азыркы — эмдөөдө, келечектеги — сактык 

Жатын моюнчасынын рагы — Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзү боюнча эң көп таркаган онкодарт. Оорунун ылдамдыгын азайтуу үчүн австралиялык илимпоздор АПВна каршы эмдөөнү  иштеп чыгууну өткөн кылымда эле башташкан. 2006-жылы вакцина дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө ийгиликтүү колдонула баштаган 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматтары боюнча , Австралия эмдөөнү биринчилерден болуп баштап, жакынкы он жылда жатын моюнчасынын рагынан арылууга, дээрлик ооруга чалдыгуунун нөл көрсөткүчүнө жетүүгө баардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Кыргызстан болсо  эмдөөнү 2022-жылы гана, Борбор Азиядагы айрым коңшулардан кечирээк жүргүзө баштады.

ДССУнун жана улуттук эксперттердин сунуштары менен Кыргызстанда папиллома вируска каршы эмдөөнү 11 жаштагы кыздардан баштап кое башташкан. Бирок, биринчи жылы «жамааттык коргонуу тасирине жетүү үчүн»  аны 12-14 жаштагы мектеп окуучуларына да жасашкан. Бир катар өлкөлөрдө каалаган адам АПВ вакцинасын ала алат, бирок Кыргызстанда азырынча бул мүмкүн эмес — аны максаттуу топко гана беришет.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистери «Медиазонага»  өспүрүм кыздарды пландуу түрдө эмдөө — келечекте жатын моюнчасынын рак оорусун жана өлүмдүн алдын алууга, ошондой эле АПВнун таралышын азайтууга мүмкүндүк берет деп комментарий беришет.

Кыргызстан «Гердасил-4» препаратын колдонот — Бул АПВнын 6, 11, 16 жана 18 штаммдарынан коргой турган төрт валенттүү вакцина. Үч жылдын ичинде өлкөгө 350 миң доза вакцина алынып келинген, анын баасы 1,5 миллион доллардан ашкан. Вакциналардын дээрлик төрттөн үч бөлүгү вакциналар жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянстын (ГАВИ)эсебинен, ал эми калгандары Кыргызстандын бюджетинин эсебинен киргизилген.

Бирок, эмдөөдөн баш тартуу тенденциясы түзүлгөн Кыргызстанда акыркы жылдары АПВГА каршы эмдөөгө да таасирин тийгизди. Республикалык иммунопрофилактик борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тартуулардын 43 пайызга жакыны диний көз караштарга байланыштуу экенин белгилейт. Ошол эле учурда Бишкек жана Чүй облусунун жашоочулары вакцинага каршы уламыштарга көп ишенишет жана интернетке көп киргендиктен дарыгерлерге ишенишпейт.

Мектеп окуучуларынын ата-энелерине таасир этүү үчүн иммунолог адистер акимиаттар, мектептер, блогерлер жана башкалар менен биргеликте эмдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтык кампанияларды өткөрүп жатышат.

Анткен менен ДССУнун өлкөлүк кеңсеси «Медиазонага» Кыргызстан — жакшы көрсөткүчтөргө ээ экенин билдирди. «АПВга каршы эмдөө улантылууда, эмдөө пландаштырылган календарга киргизилген. < ... > Биз келечекке позитивдүү карайбыз жана эмдөө көптөгөн муундарды ЖМРнан коргоого жардам берет деп ишенебиз», — дешет өкүлчүлүк.

Бирок, эмдөө жатын моюнчасынын рагын жок кылуучу жалгыз кадам эмес. 2020-жылы Кыргызстан дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле аялдарга жатын моюнчасынын рагын жеткиликтүү диагностикалоону жана бардык зарыл болгон дарылоону камсыздоону убада кылган. Азыр республиканын саламаттык сактоо министрлиги  баштапкы деңгээлде скринингдик текшерүүлөрдү  үй-бүлөлүк медицина борборлорунда өнүктүрүүнү пландаштырып жатат.  Ал эми 2023-жылдын күзүндө департамент жатын моюнчасынын рагы боюнча жарым миллионго жакын кыргызстандык аялдарды текшерүүдөн өткөргөн.

Гүлмира дагы текшерүүлөрдүн маанилүүлүгүн белгилейт. «Бардык аялдар жыл сайын гинекологдун текшерүүсүнөн өтүшү керек, <...> өткөн жылдагы тесттерди салыштыруу үчүн жыл сайын гинекологдун текшерүүсүнөн өтүшү керек. Эгерде ракка чейинки процесстер пайда болсо, аларды дарылоо оңой. Бирок рак илдети аныкталса дагы дарыланат», — дейт кыргызстандык кыз жана өзүбүздү биринчи орунга коюп, коомдун тиричилигинен жана бейкалыс пикиринен саламаттыгыбыз жогору туруу керектигин кошумчалайт.

Материалдын түп нускасы «Медиазона» басылмасына жарыяланган.