Mbank Орусияга каршы санкцияларды бузуп жатканы тууралуу айыптоолордон кийин УКМКга кайрылды

Mbank коммерциялык банкы «чет элдик интернет-ресурстар менен телеграм-каналдарда банкка карата атаандаштар тараткан жалган маалыматтардан коргоо үчүн» УКМКга арыз менен кайрылганын билдирди.

Mbank мында орусиялык банктарга санкциялардан кыйгап өтүүгө жардам берип жатканы тууралуу Foreign Policy Research Institute басылмасына жарыяланган макала жөнүндө айтып жаткандай. Кийин ал макаланы NEXTA Live беларус телеграм-каналы көчүрүп чыгарган.

Mbank «жалган маалыматтын булагы банктын өлкө ичиндеги атаандаштары экенин» белгилеп, «макаладагы дооматтардын баарын чечкиндүү түрдө четке кагууда».

«Акыркы күндөрү биз Mbank'тын кадыр-баркына шек келтирип, кардарлар менен өнөктөштөрдүн алдында бизди жаманатты кылууга аракет кылган айрым атаандаштар тарабынан уюштурулган маалыматтык чабуулга туш болуп жатабыз. Алар жалган маалымат таратуу менен коомдук пикирди бурмалап, кардарларды өздөрүнө буруу максатына аракет кылып жатышат», — деп жазылган банктын билдирүүсүндө.

Mbank дарегине айтылган бардык айыптоолор «жалган жана негизсиз» экенин белгиледи.

«Mbank – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык комплаенс стандарттарын, анын ичинде AML (акчаны адалдоого каршы күрөшүү) жана антисанкция саясатынын негизинде иш алып барат. Биздин ишмердүүлүгүбүз толугу менен ачык-айкын жана тиешелүү органдардын, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрүбүз болгон каржы институттарынын көзөмөлүндө», — деп белгилешти банктан.

Банк өзүнүн ишкердик репутациясын жана кардарларынын кызыкчылыктарын коргоо максатында УКМКга кайрылып, тергөө иштерин жүргүзүүнү жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну өтүнгөнүн билдирди.

Орусия 2022-жылы февралда Украинага толук масштабдуу кол салгандан кийин АКШ жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Москвага каршы санкцияларды киргизген.

Кыргызстан Борбор Азиядагы башка өлкөлөр сыяктуу эле Украинадагы согуш боюнча расмий нейтралдуу позицияда экенин билдирген. Бирок Орусия санкцияга илинбеген Кыргызстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөр аркылуу батыш технологияларын алууну улантып келет.