Новосибирск облусунда мигранттарга бала бакчада иштөөгө тыюу салынат

2025-жылдан тарта Орусиянын Новосибирск облусунда мигранттарга патенттин негизинде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде иштөөгө тыюу салынат.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго облус губернатору Андрей Травников ноябрдын башында кол койгон. Анда мындай чара «ишке орноштурууда орус жарандарына артыкчылык берүү жана ички миграцияны стимулдаштыруу максатынды» көрүлүп жатканы айтылган.

Документе ылайык, кийинки жылдын 1-мартына чейин чарбалык субъектилер «чет өлкөлүк жумушчулардын санын токтомдогу жана Орусиянын эмгек мыйзамдарындагы талаптарга тууралашы» керек болот.

Буга чейин Новосибирск облусунун бийлиги такси жана тамеки менен суусундукту чекене сатуу иштерине мигранттарды жалдоого тыюу салган. Документе ылайык, бул тыюу 2024-жылы күчүндө болот. Анда мындай чечим башка максаттар менен катар эле «улуттук коопсуздукту камсыз кылуу» үчүн да кабыл алынганы айтылган.

Ноябрдын башында Кыргызстан ИИМи Орусияда иштеп жүргөн кыргыз жарандарын бул өлкөдөгү миграциялык мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр менен жакшылап таанышууга чакырган. Мекеме мигранттар укуктук жардам алуу үчүн тиешелүү органдарга өз убагында кайрылса жакшы болорун белгилеген. Бул үчүн Орусиянын бир нече аймагында, анын ичинде Новосибирск шаарында Кыргызстан ИИМинин өкүлчүлүктөрү ачылган.