Социалдык түйүндөрдө бала бакчанын тарбиячылары балдардын бирине кол көтөргөнү тартылган видео жарыяланды. Окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон.
Видеодо аялдардын бири баланы белине чапса, экинчиси ыйын токтотпосо бут кийим менен урарын айтып коркуткан. Кийинки кадрларда тарбиячы баланы бурчка турууга мажбурлап, жазалап жатканын көрүүгө болот.
Бул факты боюнча Сузак райондук милициясы тергөөгө чейинки териштирүү иштерин баштады. Иш ошондой эле облустук прокуратуранын каттоосуна алынды.
Ал арада Билим берүү министрлиги бала бакчага видеокөзөмөл камералары орнотуларын жана кызматкерлердин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдиришти.
Мекемеден балдарга зомбулук көрсөтүүгө катуу тыюу салынганын жана бала бакчанын аймагында балдардын саламаттыгы менен коопсуздугу үчүн ар бир кызматкер жооптуу экенин кошумчалашты.
Кыргызстанда жыл сайын балдар физикалык, сексуалдык жана эмоционалдык зомбулуктарга кабылып келишет. Алардын айрымдары балдардын өлүмү менен аяктаган да учурлар кездешет.