Иллюстрация: «Клооп»

Камакка алынган аткаминерлер менен ишкерлердин мүлктөрү дагы деле президент Садыр Жапаровдун жакындарына өтүүдө. «Клооп» Temirov Live менен биргеликте президенттин жеңеси жана мурдагы кеңешчисинин уулу Бишкектин соттолгон экс-мэри Азиз Суракматовдун бизнесине кандайча өнөктөш болуп калганын аныктады.

2021-жылы майда, Садыр Жапаров бийликке келгенден сегиз айдан кийин УКМК Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовду кармаган. Атайын кызмат Суракматов коммерциялык имараттар менен көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу үчүн муниципалдык жерлерди мыйзамсыз сатканын билдирген. УКМКнын маалыматына ылайык, бул коррупция Суракматовго жана анын үй-бүлөсүнө $50 млн байлык алып келген. Экс-мэрдин атайын кызмат жарыялаган активдеринин тизмесинде «Юрист Риэлт Строй» аттуу курулуш компаниясы да болгон.

2021-жылы жайында УКМК Суракматов тергөө менен кызматташып, бюджетке 170 млн сом (бул $2 млн жакын же ал уурдап алды делген суммадан 25 эсе аз) төлөп бергенин билдирген. Андан соң ал эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. А 2022-жылдын башында Бишкектин Биринчи май райондук соту мөөнөтү өтүп кеткен деген негиз менен Азиз Суракматовдун ишин токтоткон

Азиз Суракматов. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Суракматов кантип жаңы бийлик менен жакындашты?

«Клооп» менен Temirov Live Суракматов кармалгандан кийин анын үй-бүлөсүнө таандык «Юрист Риэлт Строй» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн курамы өзгөргөнүн аныктады. Суракматов кармалган учурда анын негиздөөчүлөрү Гүлбара Суракматова, Анаркүл Мамбеталиева жана Гүлипа Арыкова болсо, кийин ага Бурул Кыштобаева менен «ММ-Инвест» компаниясы кирген.

Бурул Кыштобаева

Кыштобаева — президенттин агасы Сабыр Жапаровдун аялы, ал эми  «ММ-Инвест» Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Арзыбек Буркановдун уулу Азатка таандык компания. Буга чейин ушул эле кишилер «Сан-Сити» спорттук-көңүл ачуу борборунун аймагына ээлик кылып калышкан.

«Юрист Риэлт Стройдун» экинчи деңгээлдеги курулуш иштерине лицензиясы бар. Мындан улам президенттин туугандары менен жакын санаалаштары курулуш тармагына бул жаатта чоң тажрыйбасы бар компания жана адамдар аркылуу кирди деп айтууга болот.

2024-жылы Бурул Кыштобаева «БууДан и Ко» деген фирма ачкан. Бул фирма азыр Slon интернет-дүкөнү аркылуу кийим-кече жана аксессуарларды сатууда. Биз Slon кимге таандык экенин аныктай алган жокпуз. Бирок Суракматовдун үй-бүлөсүнүн ушундай эле аталыштагы үч компаниясы бар экени белгилүү.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин режими үчүн Суракматов чоочун киши эмес. Ал 2010-жылы алар менен бирге «Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер болгон. (Анда Ташиев тизмеде экинчи, Жапаров 15чи жана Суракматов 18чи болгон).

Балким ушундан улам анын мүлкү толук «кустурулбаган» чыгар. Суракматов кармалгандан кийин УКМК экс-мэрге жана анын туугандарына таандык 16 компаниянын жана кымбат баалуу кыймылсыз мүлкүнүн тизмесин жарыялаган. Алардын баарына бүгүнкү күндө да Суракматовдун туугандары ээлик кылат. «Улитка» эс алуу борбору менен (Ак үйдүн жанындагы) «Ливерпуль» бизнес-борбору да экс-мэрдин үй-бүлөсүнүн компаниясына катталган.

Суракматовдун азыркы бийлик менен жакшы мамиледе экенин көрсөткөн дагы бир далил — анын уулу Айдардын «Жаңы-Күч — Новая сила» партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп келиши. Партиялык тизмеде Айдар Суракматов мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу, партиянын лидери Куванычбектен кийин эле экинчи сапка жазылган. Депутат Конгантиев УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин баласы Тай-Мурастын өкүл атасы экени айтылып келет.

«Кустурууга» жашыруун толуктоо

Бул УКМК кармаган мурдагы аткаминерлер менен ишкерлердин мүлкү президенттин айланасындагы адамдарга өткөн алгачкы учур эмес.

Буга чейин «Клооп» милициянын мурдагы жетекчиси Жалил Атамбаевге таандык Бел-Алма көмүр кени орусиялык ишкер Николай Коробовскийге өткөнүн аныктап чыккан. Ал Садыр Жапаровдун айланасындагылардын жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин Кыргызстандагы «Барселона футбол академиясы» боюнча бизнес өнөктөшү. Коробовский ошондой эле президенттин жубайы Айгүл Жапарованын мамлекеттик долбоорлоруна да демөөрчү болгон.

Арзыбек Бурканов

Мындан тышкары «Клооп» менен Temirov Live иликтөөдө «Завод ЖБИнин», «Сан Сити» көңүл ачуу борборунун, «Мадина» базарынын жана «Кыргыз комволдук-нооту комбинатынын жерлери кантип Садыр Жапаровдун санаалаштары менен жакындарына өткөнүн айтып берген. Бул жерлердин жаңы ээлеринин арасында Сабыр Жапаровдун жубайы Бурул Кыштобаева жана Арзыбек Буркановдун балдары да бар. 

Мурда бул ишканаларга ээлик кылган ишкерлерди да УКМК кармап, аларга мамлекеттик органдар кысым көрсөтүшкөн. Ошол эле маалда «мыйзамсыз деп табылган» мүлктүн айрым бөлүктөрү таптакыр эле улутташтырылган эмес же кийин Садыр Жапаровдун жакындарына каттаттуу үчүн мамлекетке кыска убакытка гана өткөн.

Авторлор: Арууке Солтоной, Виктор Мухин, Екатерина Резникова, Temirov Live