15-январда АКШнын Каржы министрлиги Украинага кол салганы үчүн Орусияга каршы киргизген санкциялык тизмесин кеңейтти. Жаңыланган реестрге Кыргызстандагы «Керемет Банк» да кирген.
АКШ Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, кыргыз банкы бери дегенде эле 2024-жылдын жайынан тарта «санкциялардан кыйгап өтүү схемаларын ишке ашыруу үчүн орусиялык кызмат адамдары жана санкциялык тизмедеги “Промсвязьбанк” менен иштешип келген».
«Керемет Банк» АКШнын бийлиги санкция салган Кыргызстандагы алгачкы банк болуп калды.
Америкалык мекемеден санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн «Керемет Банк» «Промсвязьбанктын» атынан чет өлкөлөргө акча которуп турганын билдиришти.
«Промсвязьбанк» АКШнын санкциялык тизмесине 2022-жылы киргизилген. Анда АКШ бийлиги банк Орусиянын коргонуу тармагында иштей турганын жана «өлкөнүн аскердик өнөр жай базасына миллиарддаган доллар каржы жардамын бергенин» билдирген.
АКШ Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Каржы министрлиги «Керемет банктын» акцияларынын контролдук пакетин 2024-жылы «орус өкмөтүндө байланыштары бар орусиялык олигархка тиешеси бар» фирмага саткан. Министрлик ал фирманын аталышын атаган эмес.
Америкалык мекеме белгилегендей, «Керемет банкты» сатып алуу келишими Орусияга «импорттук товарларга акча төлөө жана экспорттон түшкөн каражаттарды алуу үчүн санкцияларды кыйгап өтүүчү борбор» түзүү максатында жасалган.
2024-жылы июлда депутат Дастан Бекешев «Керемет Банкты» орусиялык олигархтардын бири сатып алганын билдирген. Анда банк бул маалыматты четке кагып, банк сатылбаганын маалымдаган.
Сентябрда «Керемет Банк» жеке адамдардын колуна өткөнү белгилүү болгон. Ага чейин банктын акцияларынын контролдук пакети Кыргызстандын Каржы министрлигине таандык болгон. Айрым ЖМКлардын маалыматына ылайык, «Керемет Банктын» акцияларынын контролдук пакети люксембургдук компанияга 850 миллион сомго сатылган.
Банк жеке колго өткөндөн кийин анын жетекчилиги алмашканы кабарланган. Банктын башкармалыгынын жаңы төрайымы Таттьяна Куржей, директорлор кеңешинин башчысы Наталья Дружинина болгон. «Азаттыктын» маалыматы боюнча, бул экөө тең буга чейин Казакстандагы «Евразия банкынын» жетекчилик курамында иштешкен.