Президент «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген кезектеги маегинде Кыргызстандан чыгып кеткен укук коргоочу Азиза Абдирасуловага «эч кандай коркунуч болбогонун» билдирди.
Садыр Жапаровдун айтымында, Кыргызстанда адам укугу сакталат, а Абдирасулова өлкөдөн чыгып кетүү менен маселени «саясатташтырууда».
«Бул саясатына өздөрү эле ишенбесе эч ким ишенбейт. Азиза айымга эч ким тийбейт. Бир тал чачы түшпөйт. Акыры бир күнү келет. Ага эч кандай коркунуч болбой эле ээн эркин көчөдө басат. Ошондо эл алдында өзү эле уят болот. Саясат кылбай жөн эле келе берсин», — деди ал.
Жапаров азыркы технология заманында аңдыган шектүүлөрдү, автоунааларды видеого тартып алып, тийиштүү органдарга же соцтармактар аркылуу коомчулукка ачык жарыяласа болорун кошумчалады.
«Анан эле адам укугун коргоо дегенде айрым укук коргоочулар кайсы бир моралдык ченемдерден чыгып кетишпесе дейт элем. Бизде демократия бар. Ачык сүйлөгөнгө менин да укугум бар», — деди президент.
Жапаров укук коргоочулар менен журналисттер мыйзамсыз аракеттер жана коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө далилдери менен айтып чыкса болорун белгилеп, ошол эле маалда «жалган жалаа, ушак-айың же далили жок эле бирөөлөрдү каралоодон» алыс болуу керектигин эскертти.
«Калп эле сөз эркиндиги, адам укугу деген шылтоолорго жамынып алып, тымызын элди дүрбөлөңгө салып, баш аламандыкка чакырык жасагандарды токтотушубуз керек», — деп билдирди президент.
2024-жылы декабрдын аягында укук коргоочу Азиза Абдирасулова «Азаттык» радиосуна чагымчыл телефон чалуулардан жана коркутуулардан улам өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген. Ал буга чейин эки жолу инсульт алганын жана камалып калууга даяр эмес экенин айткан.
Президент үчүнчү Элдик Курултайдагы сөзүндө укук коргоочуларды «жалган маалымат таратууга» жана «далилсиз башка адамдардын ар-намысына шек келтирүүгө» айыптаган.
Азиза Абдирасулова 2000-жылдардын башынан бери укук коргоочулук менен алектенип келет. 2013-жылы ал Садыр Жапаровдун жана анын үй-бүлөсүнүн коомдук жактоочусу болгону белгилүү.