«Керемет Банк» ААКсы «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» менен банкоматтардын өнөктөштүк түйүнүнө катышуусун токтотту. Мындай маалымат банктын сайтына жарыяланды.
Буга байланыштуу 17-февралдан тарта аталган банктардын банкоматтарынан накталай акча алууда башка банктардын банкоматтарын колдонгондой эле комиссия алына баштайт.
15-январда АКШнын Каржы министрлиги Украинага кол салганы үчүн Орусияга каршы киргизген санкциялык тизмесине «Керемет Банкты» да кошкону белгилүү болгон.
АКШ бийлигинин маалыматына ылайык, кыргыз банкы бери дегенде эле 2024-жылдын жайынан бери «санкциялардан кыйгап өтүү схемаларын ишке ашыруу үчүн орусиялык кызмат адамдары жана санкциялык тизмедеги “Промсвязьбанк” менен иштешип келген».
«Керемет Банк» америкалык мекеменин бул чечими боюнча даттана турганын билдирген. Улуттук банк болсо Кыргызстандын банк системасы «сырттан келген түрдүү тобокелдиктерге» жетишерлик деңгээлде туруктуу экенин белгилеген. Ошол эле маалда мекемеден зарыл болсо «банк системасындагы туруктуулукту сактоо үчүн кошумча чаралар көрүлүшү мүмкүн экенин» кошумчалашкан.
Ал арада Минкаб башчысынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кыргыз бийлиги банктын күмөндүү схемаларга катышпаганын далилдөөгө даяр экенин айткан. Ал кыргыз тарап АКШнын Каржы министрлигинин өкүлдөрү менен чукул кеңешмелерди өткөрүүнү өтүнгөнүн кошумчалаган. Бирок андай жолугушуунун болгон-болбогону жана тараптардын кандай жыйынтыкка келгени боюнча маалымат жок.
«Керемет Банк» АКШнын санкцияларына илинген Кыргызстандагы алгачкы банк болуп калды.