Бишкекте ала качууга шектүүлөр кармалды

Бишкекте 23 жаштагы кызды ала качууга шектелип эки киши кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен жабырлануучу өзү 5-февралда кайрылган.

«Арзамас көчөсүндө бара жаткан кызды күч колдонуп, ак түстөгү Nissan үлгүсүндөгү автоунаага отургузушкан. Бирок Жамгерчинов жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде аны түшүрүп, белгисиз тарапты көздөй качып кетишкен», — деп билдиришти милициядан.

Бул боюнча «Никеге туруу максатында ала качуу» беренеси менен кылмыш ишин козголгон. Шектүү катары 30 жана 31 жаштагы эки киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милициядан ала качуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин, күнөөлүүлөр 10 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертишти.