Баш калаадагы троллейбустарды алмаштырышы керек болгон 120 электробустун экөө жолдо келе жатат. Алардын видеосу соцтүйүндөргө жарыяланды.
Анда электробустарга Азия өнүктүрүү банкынын энбелгиси түшүрүлгөнүн көрүүгө болот. Аларды сатып алуу үчүн Кыргызстанга $50 млн ашык сумманы дал ушул банк бөлүп берген. Жалпысынан Бишкек шаарына 120 электробус сатып алуу пландалууда.
Былтыр май айында Бишкек мэриясы 100 троллейбус Ош шаарына берилип, ордуна электробустар алынарын билдирген. Жергиликтүү активисттер бул демилгеге каршы болуп, электробустардын аккумуляторун экологиялык жактан коопсуз сактоо жана утилдештирүү маселеси жараларын айтып чыгышкан.
29-августта Бишкек шаардык кеңеши 100 троллейбусту Ош шаарына берүү чечимин жактырган. Мындан тышкары калаа бийлиги Нарын шаарына алты, Баткен облусуна тогуз троллейбус берген. Бул чечим боюнча активисттер Бишкек мэриясын сотко беришкен. Ал боюнча териштирүүлөр дале уланууда.
Троллейбустар Бишкектин көчөлөрүндө 2024-жылдын 4-ноябрынан тарта жүрбөй калган.
Ал арада аймактарга берилген троллейбустар колдонулбай эле турганы айтылып келет. Былтыр декабрда Фейсбук колдонуучусу алардын Оштун четинде токтоп турганы тартылган видеону жарыялаган. Нарынга берилген троллейбустар да каттамга чыккан жок. Быйыл мартта шаар бийлиги троллейбус кызматынан толук баш тартканы белгилүү болду. 24.kg басылмасынын маалыматына ылайык, Баткенде троллейбустарды колдоно баштоо үчүн тиешелүү шарттар түзүлүүдө.