Араванда «Биримдикке» пайыз камсыз кылуу боюнча аудио тарады. Үн акимге таандык болушу ыктымал

Курбанбек Айтибаев. Сүрөт: 24 kg

Материал жаңыртылды.

22-сентябрда социалдык тармактарда «Биримдик» партиясына шайлоодо пайыз камсыз кылуу боюнча сөз кылган эркек кишинин үнү жазылган аудио тарады. Андан кандайдыр бир чогулуш болуп, ага шайлоо участкаларынын башчылары жана мектептин директорлору, мугалимдер катышканын угууга болот. Аудиодогу эркек кишин үнү Ош облусунун Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевге таандык болушу ыктымал.

«Билим участкасынан ким бар? Сизби? Силер да жакшы иштеп бергиле эми. Жетекчи катары сиздер мектеп, бала бакча жетекчилерине тапшырма бергиле, алардын да дос, туугандары бар да. Баарыбыз реалдуу иштейли, эң башкысы жыйынтык керек, каалоо керек», — деп эркек кишинин аймактык участкалардын жетекчилерине кайрылганы угулат.

Мындан сырктары, талапкерлер менен жолугушууга эл топтоп келип, суроолорду берүүсүн айтат.

«Боло турганын кылып беребиз деп айттым. Болбой тургандын кереги жок. Бийликтин атаандаштары чай берип, кетип калса деле биз иштеп жатабыз. Биз кыла беребиз. Башка жактагылар шайланса, келиши мүмкүн. Шайланбай калса такыр келбейт. Бизде, бийликтикинде биз турабыз го, аткаруу бийлиги турабыз. Алар кетип калса деле, башка болсо деле биз аткарабыз да, туурабы? Биз уят кылбайбыз эч кимиңерди. Талап да кылабыз. Ал жактан бир нерсе сураш үчүн жакшы жыйынтык болушу керек», — деген үн угулат.

Ошондой эле аудиодогу киши мектеп директоруна кайрылып, «Биримдикти» канча пайыз кылабыз деген суроо узаткан. Ошондо чогулушка катышкандар каткырып жиберишкен.

«Азаттык» басылмасына курган маегинде Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев чогулуш өткөргөнүн жана мамлекеттик саясатты колдоорун моюндаган. Мындан сырткары ал эч кимге басым көрсөтпөгөнүн айткан. Ошондой эле аудиодогу үн анын үнүнө окшош экенин билдирген.  

«Эми мамлекеттен жеген тамагыбызды акташыбыз керек. Ошол мамлекеттин туруктуулугу, тынчтыгы үчүн бардык жолго барабыз. Ынтымакта бололу, бир бололу. Биримдик болсун, анан өнүгүп өсөлү дейбиз», — деди Айтибаев.

«Биримдик» партиясы «бийликчил» деп саналат. Учурда партиянын талапкерлеринин тизмесинде президенттин иниси Асылбек Жээнбековдон сырткары вице-спикер Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бар.

Буга чейин 16-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сыдык Алайчы атындагы мектебинин мугалимдерине WhatsApp тиркемесинен үн билдирүү жөнөтүлүп, анда «ар бирине ондон шайлоочу таап келүү» боюнча буйрук берилген. Антпесе аларга август айынын маянасы берилбей турганы белгиленген.

«Т-Медиа» басылмасы жеке булактарына таянып, мугалимдерге кайрылган аял Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапова болушу мүмкүн деп божомолдоду.

Машрапова парламенттик шайлоого аттанып жатат. Ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде №48 орунда турат. Ал эми Машрапова өзү Сыдык Алайчы атындагы мектепке барып шайлоочулар менен жолугушканын тастыктаган, бирок мугалимдерге ондон шайлоочу табуу боюнча буйрук бербегенин айткан.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен катталып, тергөө амалдары жүрүүдө.