Жалгыз уул болчу. Бишкектеги баш аламандыкта каза болгон жигиттин сөөгү жерге берилди

Сүрөт: Жениш Айдаров

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн болгон митингде алган жаракатынан улам каза тапкан Үмүтбек Алтынбек уулун жакындары 8-октябрда жерге берди.

Алтынбек уулу болгону 19 жашта болчу. Ал үй-бүлөдө жалгыз уул болгон. Артында апасы жана эки карындашы калды. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Баткен облусунун Лейлек районунда маркумдун өз айылында өттү.

Аянтта болгон баш аламандыкта Алтынбек уулунан башка Жети-Өгүз районундагы Кабак айылынын тургуну 27 жаштагы Нурсултан Асылбек уулу да жаракат алган. Анын башына желим ок тийген.

Жабырлануучунун айтымында, ал да акыйкаттык үчүн Ала-Тоо аянтына шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан. Башына ок тийгенден кийин ал шок абалда болгондуктан видеого тартып жаткандарды байкаган эмес. Видео социалдык тармактарга тарап кетип, жакындары чалганда гана эсине келгенин «Турмуш» басылмасына билдирген.

«Туугандарым, мени тааныгандар жана келинчегим сарсанаа болуп, телефонума кайра-кайра коңгуроо кылышыптыр. Менин дарегиме жакшы сөздөрүн жазып жатышат. Мен бардыгына ыраазычылык билдирем. Абалым азыр жакшы, үйдөмүн», — деген Асылбек уулу.

Ошондой эле, баш аламандыкта дагы бир 19 жаштагы улан колунан айрылган. Бул тууралуу Элдар Абакиров аттуу интернет колдонуучу фейсбук баракчасына жарыялаган. Жабыркагандардын арасында медицина кызматкерлери да бар. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, башаламандык учурунда «Тез жардам» кызматынын беш медкызматкери жабыркап, алты автоунаа талкаланган.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон митингчилер менен укук коргоо органдарынын ортосунда тиреш болуп, тургундар аларды көздөй таш ыргытышкан. Ал эми күч органдары аларга жооп кайтарып, суу чачып, көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу граната колдонгон.

Жалпысынан 6-октябрга карата ооруканаларга 590 киши ар кандай жаракат менен кайрылган. 439 кишиге биринчи медициналык жардам берилип, амбулатордук дарыланууга жиберилген. Жаракат алган 150 киши ооруканага жаткырылган.

Шайлоонун жыйынтыгынан чыккан нааразычылык митинги

5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялардын мүчөлөрү жана тарапташтары мөөнөтсүз митинг башташкан.

6-октябрга караган түнү демонстранттар Ак үйдү жана УКМКнын имаратын басып алышкан.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо боюнча митингдер Ош шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында да орун алган. Ал арада өкмөттүн Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Ош облусундагы өкүлдөрү кызматтарын тапшырышты. Ошондой эле, өлкөнүн айрым райондорунун акимдери да кызматтарын тапшырган.

Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.