Бишкектин административдик сотунун 20-декабрдагы парламенттик шайлоону жылдыруу чечиминин үстүнөн даттануунун айланасында БШК менен Жогорку соттун ортосунда талаш маселе жаралган. БШКнын шайлоо өткөрүү тууралуу токтому жокко чыгарылгандан кийин, комиссия жогорку инстанцияга арыз менен кайрылган. Бирок арыз кайра артка жөнөтүлгөн. БШК буга макул эместигин айтса, Жогорку сот өзүнүн чечимин негиздүү деп эсептейт.
БШК эмне дейт?
БШКнын пикиринде, Жогорку сот доо арызды карабай туруп артка жөнөтпөшү керек болчу. Боршайком арыз мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө берилгенин баса белгилейт.
«Биз мамлекеттик алымды төлөгөнбүз, андан соң канцеляриядан биздин өкүлүбүзгө арыз каралып жатат деп жооп беришкен. Ал тургай, сот отуруму өтө турган датаны дагы айтышкан», — деп БШКбилдирди.
Бирок эртеси күнү Жогорку сот мамлекеттик алым төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын жоктугуна байланыштуу доо арызды артка кайтарган. БШК бул аныктаманы «адилетсиз» деп таап, арызга тиешелүү квитанциялар тиркелгенин билдирген.
«“Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна” деген так дарекке карабай, соттук коллегия көрсөтүлгөн квитанцияны мамлекеттик алым төлөнгөндүгүнүн далили катары кароого укугубуз жок деп, биздин кассациалык даттануубузду кайрып берген», — деп белгиледи комиссия.
БШК зарыл кошумча документтерди тиркѳѳ менен кассациялык даттанууну КР Жогорку сотуна экинчи жолу жөнөткөн. Бирок арызды экинчи жолу дагы артка кайтарышты — бул ирет Административдик соттун чечимин кайра кароо мөөнөтү өтүп кеткендигин билдиришкен.
Жогорку соттун версиясы
Жогорку соттун басма сөз кызматы биринчи жолу доо арызды документтерди толтурууда ката кеткендиги үчүн артка кайтарылгандыгын билдирди. «Документтерде акча төлөгөн адам БШКнын өкүлү болот деп көрсөтүлгөн эмес. Кассациялык даттануу экинчи жолу келгенде, аны кароо мөөнөтү мыйзам боюнча бүткөн эле», — деп билдиришти Жогорку соттон.
Бирок Жогорку сот канцелярия тарабынан БШКнын өкүлүнө отурумдун датасы тууралуу айтылган деген маалыматты мойнуна алган жок. Документтердин туура эмес толтурулушунан улам арызды кароого техникалык жактан мүмкүн болбогонун белгилешти.
Эми парламенттик кайра шайлоо күнү белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Шайлоо мөөнөтүнүн жылдырылышы
Парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүү — саясий кризистин кесепети. Саясий кризис 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон кыргызстандыктар өлкө боюнча митингге чыккан күнү — 5-октябрда башталган. Бешинен алтысына караган түнү башаламандыктар күч алып, демонстранттар Ак үйдү басып алып, саясий негиз менен камакка алынгандарды бошотуп алышкан. Алардын арасында адамдарды барымтага алгандыгы үчүн 10 жылга соттолгон Садыр Жапаров дагы бар болчу.
Абактан бошотулгандан кийин Жапаровдун тарапташтары лидерине премьерликти, же президенттик орунду берүүнү талап кылууга өтүшкөн. Акыры алардын талабы дагы орундалган: алгач Жапаров премьер катары легитимдешкен. Ага чейин бир катар депутаттар тарабынан Жапаровдун талапкерлиги сунушталганы менен Конституциянын нормалары сакталган эмес болчу. Үчүнчү жолу процедура мыйзамга ылайык өткөн. Бирок айрым депутаттар аларга коркутуулар болгонун айтып чыгышкан.
Кийин Садыр Жапаровдун тарапташтарынын президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирүү талабы дагы ишке ашкан. Алар коркутуп-үркүтүүлөрдүн арты менен жаңы өлкө башчысы шайланганга чейин президенттин милдетин аткара турган спикер Канатбек Исаев бул ыйгарым укуктарын Жапаровго өткөрүп берүүсүн талап кылып, ага жетишкен.
БШК саясий абалдан улам шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Кайрадан шайлоо 20-декабрга белгиленген. Бирок Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын бир катар депутаттары конституциялык реформа өткөрүүнү жана парламенттик шайлоону 4-6 айга артка жылдыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун демилгелеп жана жактырышкан.
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров аталган мыйзамга кол койгон. Бирок кайрадан парламенттик шайлоо качан өтөрү белгисиз. Бийлик алгач референдум өткөрүп, президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандап алууну пландап жатат.
Жапаров шайлоонун кийинкиге жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин арттыруу» максатында кабыл алынган чечим деп актанууда.
Юристтер мындай кадам Конституциянын нормаларын бузуп, Кыргызстанды укуктук нуктан кризиске түртөт деп эсептешет.