Савай: Жергиликтүү депутаттар Сайпидинов жыйынды үзгүлтүккө учуратканына даттанышты

Кара-Суу районунун Савай айылдык кеңешинин депутаттары айыл өкмөт башчы Мунарбек Сайпидинов «депутаттардын ишине кийлигишип, 4-январдагы жыйынды үзгүлтүккө учуратканына» нараазы болушууда. Бул тууралуу «Клоопко» депутаттардын бири Бакыт Садиров билдирди.

Анын айтымында, алар 2021-жылдын бюджетин бекитүү жана төраганын айлык маянасы боюнча маселени карашып, 2020-жылдын отчетун угушмак. Буга кошумча депутаттар айылдык кеңештин төрагасын алмаштыруу маселесин да киргизүүнү сунушташып, бул маселени биринчи кезекте кароону талап кылышкан.

Бирок төрага бул маселени депутаттардын каршылыгына карабай биринчи кезекте кароодон баш тартып, анын ордуна айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы отчётун угуу болоорун айткан дейт Садиров.

Депутат буга айыл өкмөт башчы Мунарбек Сайпидиновдун «түздөн-түз тиешеси болгонун» билдирип, муну төрага Али Байымбетов Сайпидиновдун өкүл баласы экени менен байланыштырды.

«Негизи өкмөт башчы биздин сессияга кийлигишкенге укугу жок. Сайпидинов төраганын жанына кирип отуруп алып, экөө тил бириктирип алып ушинтишти. Төрага анын сөзүнө кирип депутаттардын сунуштарын колдобой койду. Аягында Сайпидинов айрым депутаттарды көзү менен ымдап чыгарып, таратып салды, ошентип сессия болбой калды», — деди Садиров.

Аталган жыйындан «Ынтымак» телеканалынын журналисти түз эфир алып барган. Анда депутаттар Сайпидиновго жана төрага Байымбетовго нараазы болуп ызы-чуу болуп жатышкан.

Ошондой эле түз эфирден айыл өкмөт башчы менен төрага жыйындан чогуу чыгып кеткенин, ал эми айыл өкмөт башчы кайра кирип депутаттарга «Отчётубузду алып койбойсуңарбы?» деп кайрылып жатканын көрүүгө болот.

«Отчёт берип койбойлубу эми, шашылыш, саат 12 болуп жатат. Иштешибиз керек эй», — деген Сайпидинов.

Ал эми төрага өзү ордун тапшырууга каршы эместигин, «болгону маселе күн тартибине жараша каралышы керек болгонун» айткан.

«Мага төрагалыктан бир сом пайда жок. Мен айлыксыз иштеп жүрөм. Маселелерди токтомго карата караш керек. Атайын убакытта депутаттар сунуштарын айтышса мен каршы эмес болчум. Күн тартиби менен кетсе баары жакшы да», — деди ал.

Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы облус башчысы Жарасул Абдураимов «айыл өкмөт башчы депутаттардын ишине кийлигишти» делген маселени карап чыгуу боюнча Кара-Суу районунун акимин тапшырма бергенин айтты.

«Облус башчыга соцтармактагы тасманы [жыйындан түз эфирди] көргөзсөм ал “бул маселе такталып каралышы керек. Чындыгында кийлигишкенге акысы жок. Ушундай чындап эле чоң муштум болсо анда жазаланышы керек. Бул айыл өкмөт башчысы соцтармакта экинчи жолу талкуу болуп жатат” деди», — деп билдирди Кадырбек кызы.

Айыл өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө

Савай айылдык кеңешинин депутаттары учурда алардын негизги талабы айылдык кеңештин төрагасын алмаштыруу, айыл өкмөт башчысынын 2020-жылга отчетун канааттандырбоо жана ага ишеним көрсөтпөө экенин айтышты. Депутаттар бул маселелер кийинки жыйында каралат деп үмүттөнүшүүдө.

Аталган айылдык кеңештин бир нече депутаттары буга чейин да Мунар Сайпидинов жоопко тартылышын талап кылышкан. Алар Сайпидинов аймакка караштуу жерлердин сатылышына жол берип, бюджеттеги каражатты мыйзамсыз бөлдүрүп алган деп айыпташкан болчу.

Бирок айыл өкмөт башчы депутаттардын максаты аны жумуштан кетирүү экенин айтып, айыптоолордун баарын четке каккан.

Сайпидинов өзү — Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл уулу.

Ал иш бөлмөсүнө өкүл атасынын сүрөтүн илип алгандыгы менен коомчулуктун эсинде калган. Мындан сырткары анын Дубайдагы эс алуусу учурунда тартылган видеолорду соцтармактарда кызуу талкууга алынган. Интернет колдонуучулар айыл өкмөт башчы видеодогу кылык-жоругу менен мамлекеттик кызматкердин этикасын сактаган эмес деп эсептешкен.

Ошондой эле буга чейин 19-ноябрда Сайпидиновдун иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүп, муну Ошто «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренеси боюнча козголгон иштин негизинде болгонун маалымдаган.

Бир күндөн кийин Сайпидинов өзү соцтармакта кайрылуу жасап, ага Матраимовдун өкүл баласы болгондугу үчүн кысым болгонун айтып, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевден аны кабыл алуусун өтүнгөн.

Ал эми 23-ноябрда ал Ташиев менен жолуккан.