Кара-Суу: Савай айылынын депутаттары Сайпидиновдун үстүнөн даттанышты

Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылдык кеңешинин бир нече депутаты айыл өкмөт башчы Мунар Сайпидинов жоопко тартылышын талап кылышууда. Алар Сайпидинов аймакка караштуу жерлердин сатылышына жол берип, бюджеттеги каражатты мыйзамсыз бөлдүрүп алган деп айыпташты. Ал эми айыл өкмөт башчы айыптоолорду четке какты.

«Депутаттарды коркутуп турган»

«Т-Медиа» басылмасы жарыялаган видеотасмада Савай айылдык кеңешинин депутаты Замир Султанов 2017-жылы айылдык кеңештин он үч депутаты Сайпидиновдун мыйзамсыз кылган иштери боюнча жети фактынын негизинде прокуратурага кайрылуу жасагандыгын айткан. Ошондой эле, ал арыз кайрадан каралышын талап кылган.

«Сайпидинов жети фактынын прокуратура тарабынан текшерилүүсүнө тоскоолдук кылган. Депутаттарга басым жасап атып, жазган арыздарынан баш тарттырган. Алар аргасыздан билимдүү эле адамдар “мен түшүнбөй, билбей кол коюп алыпмын” деп шылтоо айтышкан», — дейт Султанов.

Мындан сырткары, ал Сайпидиновдун жергиликтүү кеңештин депутаттарына ачык эле басым жасап келгендигин белгилеген.

«Жыйындарга түз эле кирип, өзүнүн таасирин, сүрүн көрсөтүп, өзүнө пайдалуу маселелердин оң жакка чечилиши үчүн депутаттарды телефон аркылуу коркутуп турган» — деп кошумчалаган Султанов.

Жергиликтүү кеңештин дагы бир депутаты Медербек Орунбаев «Клоопко» Сайпидинов 2017-жылы айыл өкмөттүн бюджетинен 4 млн сом каражатты мыйзамсыз бөлдүрүп алганын айтты.

«Биз 2017-жылдын башында өкмөттүн имаратын оңдоп-түзөө иштерине деп депутаттар менен 3 млн сом каражатты караганбыз. Андан кийин ушул эле жылдын 19-майында Сайпидинов кезексиз жыйын болбосо да болду деп өткөрүп, 4 млн сом бөлдүрүп алган», — деди Орунбаев.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Бакыт Садиров Сайпидиновдун жергиликтүү бюджеттен да Савай айылына спорт зал куруу үчүн 3 млн сом бөлдүрүп алганын айтты. Бул каражатты да депутаттардын катыштыгы жок казынадан алганын айтат.

«Биз бул боюнча Сапар Исаков премьер-министр болгон кезде кайрылганбыз, андан жооп болгон эмес, ошол учурда Башкы прокуратурага да арыз жазганбыз, текшерүү болгону менен натыйжа чыккан эмес», — деди Садиров.

Сайпидинов: «Булардын максаты — мени иштен кетирүү»

19-ноябрда УКМК тарабынан Савай жана Сарай айыл өкмөт башчыларынын иш бөлмөсүнө жана үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. УКМК муну Ош шаарында жана Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаранын алкагында болгонун белгилеген.

Ал эми акимияттан тинтүү «каржылык иликтөөнүн» негизинде болгонун айтышкан. Тинтүү боюнча Сайпидинов өзү да инстаграм баракчасында видеокайрылуу жасап, ага карата «саясий куугунтук» болуп жатканын айткан. Кийинчерек УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен жолуккандан кийин ал видео өчүрүлгөн.

«Т-Медиа» басылмасына Сайпидинов депутаттардын даттанууларын негизсиз деп, алар кызмат талашып жатканын билдирген.

«Булардын максаты — мени иштен кетирүү. Эгер алар мен сыяктуу жергиликтүү бюджетти эки эсеге көтөрөм деп убада беришсе, ордумду бошотуп берем. Мен өкмөткө барганда бюджет 14 миллион болчу. Аз убакыттын ичинде 29 миллионго көтөрдүм. Мен иштеген учурда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес», — деген Сайпидинов.

Сайпидинов менен Ташиевдин жолугушуусу

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Ташиев Сайпидиновду 23-ноябрда кабыл алган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө УКМКнын башчысы Сайпидиновдун арызын угуп чыгып, баардык маалыматтар объективдүү жана ар тараптуу изилдене тургандыгын айткан. Ошондой эле, УКМК саясий жана башка мотивдер боюнча куугунтуктоо менен алектенбегендигин белгилеген.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов 24-ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип, Сайпидиновдун УКТга тиешеси бар-жоктугу тууралуу маалыматы жоктугун айткан.

«Эгер тиешеси болсо УКМК далилдеп чыкса керек. УКМК деле жөн жерден тинтүү жана текшерүү иштерин жасабаса керек деп ойлойм», — деген Абдураимов.

Ошол эле учурда 19-октябрда кызматка дайындалган башчы аймакта «интеллекти азырак, бирок чоң муштуму бар кызматкерлердин болушун байкаганын» айтып, муну «чоң көйгөй» деп атады.

Матраимовдун өкүл баласы

Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов

Сайпидинов — Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөт башчылыгына 2016-жылы дайындалган. Ал Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл уулу.

Сайпидинов иш бөлмөсүнө өкүл атасынын сүрөтүн илип алгандыгы менен коомчулуктун эсинде калган. Мындан сырткары соцтармактын колдонуучулары Сайпидиновдун Дубайдагы эс алуусу учурунда тартылган видеолорду бөлүшүп, кызуу талкууга алышкан. Интернет колдонуучулар айыл өкмөт башчы видеодогу кылык-жоругу менен мамлекеттик кызматкердин этикасын сактаган эмес деп эсептешкен.

Ошондой эле, Сайпидиновдун бул кадамы боюнча өкмөт аппараты тарабынан түзүлгөн атайын комиссия кызмат этикасына дал келбегендигине байланыштуу атайын эскертүү берген.

Тема боюнча:

Ош: УКМК Кара-Суудагы айыл өкмөттөрдө тинтүү жүргүздү

УКМК: Кара-Суудагы Сарай айыл өкмөт башчысынын үйүнөн курал табылды

«Мени бышырып жеңиз». Сарай айыл өкмөт башчысы Ташиевге кайрылды

Үйү тинтүүгө алынган Мунар Сайпидинов Камчыбек Ташиев менен жолукту