Үйү тинтүүгө алынган Мунар Сайпидинов Камчыбек Ташиев менен жолукту

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновду 23-ноябрда кабыл алды. Сайпидинов мындан бир апта мурун жасаган видеокайрылуусунда Ташиевден аны кабыл алуусун суранып, ага карата «саясий куугунтук» болуп жатканын айткан болчу.

«Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө УКМК башчысы Сайпидиновдун арызын угуп чыгып, тиешелүү бөлүмдөргө видео кайрылуудагы баардык маалыматтар объективдүү жана ар тараптуу изилдеп чыгуу тапшырмасын койду», — деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Мындан сырткары, УКМК саясий жана башка мотивдер боюнча куугунтуктоо менен алектенбегендиги белгиленген.

Ошондой эле, УКМК дагы бир билдирүү таратып, анда Сайпидиновдун видеокайрылууда айткан сөздөрү чындыкка дал келбейт деп маалымдаган.

Сайпидинов кайрылуусунда УКМКнын кызматкерлери Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаевдин үйүн тинтүү учурунда, анын апасына орой мамиле жасашты деп айткан. Кийинчерек бул видео Сайпидиновдун инстаграм баракчасынан өчүрүлгөн.

«Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө үйдөгү адамдарга орой мамиледе болгон фактылар болгон эмес. Өз кезегинде Тургунбаевдин апасы УКМК кызматкерлерин чай менен сыйлоону сунуштап, жылуу мамиле жасаган», — деп маалымадаган УКМКнын басма сөз кызматы.

Мындан сырткары, аталган ведомство Сайпидинов жана Тургунбаевдин иш бөмөлөрүнө жана үйлөрүнө тинтүү Ош шаарында жана Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаранын алкагында болгонун белгилеген.

Тема боюнча:

Ош: УКМК Кара-Суудагы айыл өкмөттөрдө тинтүү жүргүздү

УКМК: Кара-Суудагы Сарай айыл өкмөт башчысынын үйүнөн курал табылды

«Мени бышырып жеңиз». Сарай айыл өкмөт башчысы Ташиевге кайрылды