Ысык-Көлдө эне-баланы өлтүрүүгө шектелген тургун кармала элек

Иллюстративдик сүрөт

Ысык-Көл облусунун Кашат айылында 54 жаштагы аял менен анын 29 жаштагы уулунун сөөктөрү өз үйүнөн 1-февралда табылган. Учурда аларды өлтүрүүгө шектелген тургундун ким экени аныкталып, издөө иштери жүрүп жатат.

«Окуя болгон жерге Ысык-Көл ОИИБдин тергөө-ыкчам тобу барып, маркумдар катуу нерседен баштарына алган жаракаттан улам каза болгонун аныктаган. Ал эми шектүү качып кетүүгө үлгүргөн», — деп маалымдашты Ысык-Көл ОИИБден.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, тергөө жана издөө амалдары жүрүүдө. Ошондой эле, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Мындан бир күн мурун Талас облусунун Манас районундагы Новодонецк айылында жолдошун өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы аял кармалган. Маркумдун сөөгү өзүнүн жашаган үйүндө табылган. Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, жеринен кароо жүргүзгөн учурда, маркумдун денеси учтуу нерсе менен кесилип, урулган жаракат белгилери болгон.