Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Бурун Аманова эки фирмага ээлик кылат – Factcheck.kg

Factcheck.kg басылмасы «Ата Мекен» партиясынан жаңы келген депутат Бурун Аманова жөнүндө материал жарыялады. Эл өкүлү 2021-жылдын 7-мартында ант берген. Ошентип ал үчүнчү аракетинен кийин гана парламентке келди.

Аманова 2020-жылкы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын катарында 20-номер менен талапкерлигин койгон. Ал Жогорку Кеңешке биринчи жолу 2015-жылы «Ата Мекендин» квотасы менен өтүүгө аракет кылган, ошол кезде ал партиянын тизмесинде 24-орунда болчу.

Парламенттин 5-чакырылышында «Ата-Мекен» 11 гана мандат алганы үчүн Аманова парламентке өтпөй калган.

Factcheck.kg таркаткан маалымат боюнча, Аманованын бизнеси бар жана меценат катары белгилүү. Ал ээлик кылган фирмалардын ичинде миллиондогон салыктарды төлөгөн «Небесные горы» туризм компаниясы жана орус-кыргыз «Прогресс Плюс» ишканасы бар.

«”The Celestial Mountains Tour Company” Туристическая компания “Небесные горы”» Кыргызстанда 1997-жылдан бери ишмердигин жүргүзүп келет, бул фирма туризм тармагында кызматтарды көрсөтөт.

2011-жылдан 2020-жылга чейин фирма бюджетке дээрлик 34,7 млн сом төлөп, бюджеттен 1,35 млн сом алган. Компания Бурун Аманованын атына 2018-жылдын март айында гана которулган. Буга чейин бул фирмага үч киши ээлик кылган:

  • Иен Клейтор — бизнесмен, буга чейин КАТО (Кыргыз туроператорлор ассоциациясы) президенти
  • Шей Дамира Аскарбековна
  • Тимоти Стюарт Брук Анмак

Амановага таандык дагы бир фирма — орус-кыргыз «Прогресс Плюс» ишканасы 2015-жылы түзүлгөн. Депутат бул фирманын жалгыз түзүүчүсү жана директору.

Фирма кайсы багытта иш жүргүзгөнү көрсөтүлгөн эмес, бирок Factcheck.kg порталынын журналисттери бул ишкана «мейманканаларды иштетүү тармагында иштейт жана анын Бишкекте бир нече мекемеси бар» экенин аныктаган.

Эки компания тең Бишкекте бир эле даректе катталган — Абдымомунов көчөсү, 229. Бирок, документтерде бул эки компания эки башка даректе катталган деп көрсөтүлгөн.

Журналисттердин айтымында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, депутат мамлекеттик кызматка дайындалгандан кийин бизнестерин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө, же бул мөөнөт ичинде ишканаларды түзүүчүлөрдүн тизмесинен чыгууга милдеттүү.