Кыргызстанда быйыл Орозо айт 13-майда белгиленет

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйыл Орозо айт майрамы 13-майда белгиленерин билдирди. Көрсөтүлгөн күн айдын жаңырышына карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.

Быйыл Орозо 13-апрелде башталып, толук 30 күндү түздү. Орозо кээде 30 же 29 күн болот. Орозо кармоо мусулмандардын беш парзынын бири.

Муфтият быйыл айт намазы борбордук аянттарда окулушу тууралуу толук маалымат бере элек. Бул боюнча кошумча маалымат берилет деп ишендиришти.

Былтыр Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулган эмес. Мындай чечим COVID-19 инфекциясын жайылтпоо максатында кабыл алынган.

30-апрелден тарта эпидкырдаалга байланыштуу Бишкектин мечиттеринде жума намазга жана дааватка чыгуу үчүн каттоо жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынган.

Андан тышкары, мечиттерде ооз ачтырууга тыюу салган эреже күчүндө калтырылган. Бул чаралар борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин уланаары айтылган.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавирус менен ооругандар саламаттыгы начар болсо орозо кармабай койсо болоорун билдирген. Ошондой эле оозу бек учурда коронавируска каршы эмделсе болоорун маалымдаган. Бул орозону бузбасын, бирок вакцинанын сапаты үчүн жооп бере алышпасын белгилешкен.