Нарын: Жол кырсыгынан коомдук ишмер Бегалы Бексултанов каза тапты

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 21-июнда «Тойота-Хайланер» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып кеткен. Натыйжада бир киши каза таап, сегиз киши ооруканага жеткирилди.

Нарын облусунун ички иштер бөлүмүнүн маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова «Клоопко» билдиргендей, кырсык Ак-Талаа районуна караштуу Баетов-Кош-Дөбө унаа жолунда катталган.

Автокырсыктын кесепетинен 1952-жылы туулган унаанын айдоочусу аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө алган жаратынан улам каза болгон. Ал эми айдоочунун келини жана анын жети небереси жаракат алышкан. Алардын абалы «туруктуу» деп бааланууда.

Ал эми «Турмуш» басылмасынын маалыматына ылайык, каза болгон айдоочу Ак-Талаа районундагы коомдук ишмер Бегалы Бексултанов болгон.

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Бексултанов 23-июнда Коңорчок айылында жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан.

Бексултанов 1952-жылы Коңорчок айлында туулган. Ал 1996-жылы борбордогу Каржы-экономика техникумунаяктап, кийин Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде билимин жогорулаткан.

Ал 1996-жылдан баштап 2008-жылга чейин бир катар мамлекеттик жумуштарда иштеп, кийин ардактуу эс алууга чыккан.

Жол кырсыгы акыркы учурларда көп катталгандыктан президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар копмплексин күчөтүүнү тапшырган.

Анда Жапаров «акыркы мезгилдерде адамдардын өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйө баштаганын» белгилеген. Анын айтымында, ИИМ жайкы туристтик сезон башталаары менен транспорттук агым эселеп көбөйөрүн эске алып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылышы керек.

«Жапаров жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды», — деп билдирген президенттин басма сөз кызматы.