Милиция Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө өспүрүм ур-токмоктон көз жумганын моюндады

Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүм фактысы боюнча иштин квалификациясы алмаштырылганын билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, тергөө кызматы иштин беренесин «Адамдын өлүмүнө алып барган ден соолукка оор зыян келтирүү» беренесине өзгөрткөн. Мындай чечим соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде кабыл алынган.

«Кылмыш иши боюнча жашы жете элек күбөлөргө карата соттук-биологиялык жана соттук-психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Ошондой эле, дагы башка кошумча тергөө амалдары пландалган», — деп кошумчалашты ОИИБден.

Тарбиялануучу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча иш

Өспүрүм каза тапканы тууралуу кабар 1-июнда тараган. Анда милицияга Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 6-класстын окучусу Игорь Якунин уктоо бөлмөсүнөн эч учун жоготуп, эсине келбей каза тапканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бала ооруканага жеткирилип, ошол жактан каза болгонун тастыкташкан.

Окуучунун өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган. ИИББден белгилешкендей, каза тапкан баланын денесин кароо учурунда уруп-согуунун белгилери болгон эмес.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, балдар уктоочу бөлмөдө монополия ойноп жатышкан. Игорь өйдө туруп, бир-эки кадам шилтеп эле эс-учун билбей кулап калган. Ведомство эч кандай мушташ болгон эмес деп ишендирген.

Бирок маркумдун агасы Богдан Якунин тергөөгө Игорь жогорку класстын окуучусунунун ур-токмогунан каза тапканын билдирген.

«Игорду көкүрөк тушка беш жолу чабышкан, акыркысы жүрөк тушка тийген күчтүү сокку болгон. Бала бурулуп, үч кадам аттагандан кийин дароо кулап түшкөн. Анын бүткөн бою калтырап, дем жетишпей, заара ушатып койгон», — деп илдирген ал.

Кийин ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, инисинин өлүмүнө байланыштуу ишти жеке көзөмөлүнө алуусун суранган.

Жыйынтыгында, президенттин басма сөз кызматы Якуниндин ишин президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын билдирген. Ал эми балдар үйүнүн директору тергөө маалында жумуштан четтетилган.