«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы курултай өткөрүп 54 талапкерден турган тизмесин бекитти. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык «Регион ТВ» телеканалы 10-октябрда маалымдады.
«Ата-Журт Кыргызстанды» Камчыбек Ташиев жана президент Садыр Жапаров негиздеген «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон Айбек Маткеримов жетектеп барат.
Ошондой эле «Ата-Журт Кыргызстанга» Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан», «Республика — Ата-Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынын бир нече депутаты өткөн.
«Региондун» мурдагы кызматкери жана Ташиевдин тарапташы Акниет Кеңешов фейсбук баракчасында «Ата-Журт Кыргызстандын» алдын ала тизмесин жарыялады.
- Айбек Маткеримов — партиянын төрагасы, мурда «Мекенчилден» талапкер болгон, «Ата-Журттан» жергиликтүү кеңешке депутат болгон;
- Бакыт Төрөбаев - Жогорку Кенештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы;
- Равшан Сабиров — президенттин кеңешчиси, экс-вице-премьер-министр;
- Жамиля Исаева — өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун мурдагы орун басары;
- Таалайбек Сарыбашов — Ош жана Бишкек шаарларынын мурдагы мэри;
- Замирбек Эсенаманов — Жогорку Кеңештин депутаты («Кыргызстан»);
- Жеңишбек Токторбаев — «Шермухамед» ЖЧКсынын аткаруучу директору;
- Надира Нарматова — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты («Ата-Журт»);
- Жайлообай Нышанов — президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун ишенимдүү адамы болгон;
- Кубанычбек Кадыров — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Чындык» партиясынын лидери;
- Талайбек Масабиров — Жогорку Кеңештин депутаты («Кыргызстан»);
- Камила Талиева — Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана мурдагы маданият министри;
- Каныбек Нарбаев — Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин экс-директору;
- Пархат Түлендыбаев — Жогорку Кеңештин депутаты («Республика — Ата-Журт»);
- Турсунбай Бакир улуу — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
- Гүлсүнкан Жунушалиева — Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академисынын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору;
- Берадор Борбиев (Бек Борбиев) — ырчы, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, мурдагы шайлоодо «Мекеним Кыргызстандан» талапкер болгон;
- Бахтияр Кадыров — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, БШКнын экс-мүчөсү;
- Жаныбек Исаев — Жогорку Кеңештин депутаты («Кыргызстан»);
- Гүлшаркан Култаева — Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты;
- Фархат Исмаилов — «Алай Инвест» компаниясы жана «Ай-Балта» күзөт агенттигинин ээси;
- Бактыяр Калпаев — өкмөттүн Баткен облусунун мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, мурдагы шайлоодо «Мекенчилден» талапкер болгон;
- Рустам Саякбаев — «Профит-Экспресс» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү;
- Кристина Босивская — журналист жана Кыргыз-орус славян университетинин окутуучусу;
- Мохидил Умарова — ачык булактардан маалымат табууга мүмкүн болгон жок;
- Саидбек Зулпуев — Банкты кайра уюштуруу жана карызды реструктуризациялоо агенттигинин экс-директору (ДЕБРА);
- Самат Исманов — Жогорку Кеңештин депутаты («Республика — Ата-Журт»);
- Жамиля Жаманбаева — Башкы прокурордун мурдагы орун басары;
- Шүкүрбек Эрекбаев — «Республика — Ата-Журт» жана «Ата-Журтум Кыргызстан» партияларынын негиздөөчүлөрүнүн бири;
- Элдар Сулайманов — Ош шаардык кеңешинин депутаты;
- Абдыбахаб Боронбаев — Түндүк Чыгыш бажысынын экс-башчысы. Ал үстүбүздөгү жылдын февраль айында бажы кызматынын экс-төрага орун басары Райымбек Матраимов менен коррупциялык схемаларды түзүүгө күнөөлүү деп табылып, 260 миң сомдук айыпка жыгылган;
- Нүргүл Усеинова — Сокулук айылдык кеңешинин депутаты;
- Мейкинбек Абдалиев — Жогорку Кеңештин депутаты («Өнүгүү-Прогресс»);
- Арсланбек Эгембердиев — «АККА-Петролеумдун» туунду компанияларынын биринин башкы директору;
- Нурлан Батыров — жеке ишкер;
- Жылдыз Садырбаева — «Фарма Мир» компаниясынын негиздөөчүсү;
- Чынберди Төлөнов — Ош аэропортунун директорунун мурдагы орун басары,
- Фархад Бекманбетов — маданият, маалымат жана туризм министринин экс-орун басары;
- Алишер Козуев — «Россия Нефть» ЖЧКсынын башкы директору;
- Шарийпа Молдалиева — ачык булактардан маалымат табууга мүмкүн болгон жок;
- Баатырбек Аманалиев — «Бикарго» ЖЧКсынын жетекчиси;
- Канатбек Маматов — Кыргыз футбол кеңешинин мурдагы башчысы;
- Жаныбек Кыдыкбаев — жеке ишкер;
- Валерия Попель — Бишке мэриясынын алдындагы кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун мурдагы кызматкери;
- Досмухамед Раимбердиев — Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы;
- Наталья Угрюмова — Кыргыз футбол кеңешинин маалымат катчысы;
- Мирбек Үмөталиев — ачык булактардан маалымат табууга мүмкүн болгон жок;
- Бактыгүл Сарысейитова — ачык булактардан маалымат табууга мүмкүн болгон жок;
- Абдилла Абдибапов — Жогорку Кеңештин депутатынын мурдагы кеңешчиси;
- Максатбек Ибраимов — Өзгөн районуна караштуу Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы;
- Елена Пак — «Кыргызстандын психологдорунун ассоциациясы» коомдук уюмунун төрайымы;
- Айканыш Замирбекова — ачык булактардан маалымат табууга мүмкүн болгон жок;
- Мадина Жамишбаева — ачык булактардан маалымат табууга мүмкүн болгон жок ;
- Керимберди Макеев — «АККА» компаниялар тобунун директорлор кеңешинин мүчөсү.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.