Фармкомпаниялар менен кутум келишим түзгөн саламаттык сактоонун чиновниктери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы саламаттык сактоо министрлигинин жана фармацевтикалык компаниялардын бир катар кызматкерлери кармалганын кабарлады.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалгандар өз ара кутум келишимге барган жана салык төлөөдөн качып импорттук дары-дармектердин реалдуу наркын жашырышкан. УКМКдан алар дары-дармек сатууда кызылкулактыкка барышканын кошумчалашты.

Кармалган саламаттык сактоо чиновниктери жана фармкомпаниялардын кызматкерлери УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди. Шектүүлөр УКМК тарабынан сентябрь айынын аягында башталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалды.

Анда УКМК Кыргызстанга дары-дармек ташып келип, «ашыкча кымбат баада саткан» фармкомпиялар тобунунун бетин ачкан. УКМК кызматкерлери компаниялардын кеңселеринде жана кампаларында тинтүү иштерин жүргүзгөн. Бирок ведомство кайсы компаниялар тинтүүгө алынганын ачык айткан эмес.

Мурда «фарммафия» менен Финпол күрөшүп келген, бирок ведомство жоюлуп кеткенден кийин дарыканалардагы баалардын жогорулашын УКМК иликтей баштаган.