«Күйүүчү май кымбаттады». Ошто жол акыны 15 сомго көтөрүү сунушталды

Ош шаарында кичи автобустарда жол кирени 10 сомдон 15 сомго көтөрүү сунушталууда. Бул тууралуу шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин директорунун орун басары Акболуш Тиленбаев «Турмуш» басылмасына билдирди.

Анын айтымында, мындай демилге бардык чыгымдарды эске алуу менен көтөрүлдү.

«Ишкана бүт маршруттук каттамдардын болжолдуу чыгымдарын эсептеп чыкты. Бир кичи автобус бир күндө төрт айлампа жүрсө, 250дөй адам түшсө, 10 сомдон 2500 сом болот экен. Күйүүчү май кымбаттады. Тетиктер сырттан келгендиктен баасы АКШ доллары менен эсептелип калат. Айдоочунун кирешеси бар. Ушунун баарын эске алуу менен 10 сомду 15 сомго көтөрүү сунушун көтөрүп чыктык», — деди ал.

Ошондой эле, Тиленбаев айдоочулар иштебей койгондуктан кичи автобустар тартыш болуп жатат дейт.

«Мурда шаарда 1200 кичи автобус болсо, көбү сатып кетип калып, учурда 900-950 кичи автобус калды. Анын да кээ бири ишке чыкпай калат, кээ бири бузулуп калат. 650-600 кичи автобус учурда жетишпей калууда», — деп түшүндүрдү ал.

Тиленбаев учурда сунуш тууралуу элге анкеталар таратылып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, кварталдарда да чогулуш өткөрүлүп, маселе элдик угууга коюлат. Бардык протоколдор топтолуп, шаардык кеңешке жөнөтүлгөндөн соң чечимди депутаттар кабыл алышат.

Буга чейин Бишкек шаарында жол акысын 1-ноябрдан тарта 15 сомго көтөрүү чечими кабыл алынган. Шаардык кеңештин депутаттары бул чечимди 10 жылдан бери жол киренин тарифи өзгөртүлбөгөнү менен негиздешкен — бул аралыкта күйүүчү майдын, авто тетиктердин жана азык-түлүктүн баасы кымбаттаган.

Мындан сырткары айдоочулар да тарифтерди жогорулатуу маселесин бир нече жолу көтөрүп, иш таштоого чейин барышкан.

Кичи автобустун айдоочуларынын акыркы иш таштоосу 2021-жылдын июнь айында болуп беш күнгө созулган. Анда алар жол акысы «сентябрга чейин тариф көтөрүлбөсө реванш алышарын» айтышкан.

Натыйжада, алардын айрымдары маршрутка айдоодон «киреше түшпөйт» деп тек гана каттамга чыкпай койгон.