Мугалимдерге басым жасоо, Сарыбашовго үгүттөө. Ошто шайлоо мыйзамдарын бузгандарга кандай чара колдонулду?

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош шаарында 22-ноябрда мэриянын шайлоо боюнча кеңейтилген жыйыны өткөрүлүп, анда мыйзам бузган мамлекеттик кызматкерлер кандай жоопко тартылганы тууралуу айтылды.

Жыйынга катышкан Ош мэриясынын аппарат башчысы Камчыбек Досматов калаадагы №38 Барпы Алыкулов атындагы мектептин директору кызматынан убактылуу четтетилгенин билдирди.

Буга чейин №5306 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү аталган мектептин директору Бегайым Юлдашева «административтик ресурс колдонуп, аларга басым жасаганына» даттанышкан. Арыз берүүчүлөр Алыкулов атындагы мектептин мугалимдери болуп иштешкен.

«Атап айтканда, Юлдашева аталган шайлоо комиссиянын ишмердүүлүгүнө дайыма кийлигишип, директор катары койгон талаптары аткарылбаса №5306 УШКнын мүчөлөрүн кызматтан четтеттүү менен коркутуп келгени белгиленген», — деп билдиришкен БШКдан.

Ош ШИИБи «Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, бирок ишти кыскартып салган. Ал эми мектеп УШКнын мүчөлөрү бул чечимди прокуратурага даттанышкан.

Сарыбашовго үгүттөгөн мэриянын расмий баракчасы

Ошондой эле, Досматов Ош шаардык мэриясынын баракчасынан «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Таалайбек Сарыбашовго үгүттөгөн видео бөлүшүлгөнү боюнча да чара көрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, мэриянын басма сөз катчысы Керимбек Калыгулов кызматтан кетип, Азамат Абсаттаровго 7,5 миң сомдук айып пул салынган.

Сарыбашовдун үгүт видеосу Ош мэриясынын баракчасынан «Ош Пресс Клуб» тайпасына 5-ноябрда бөлүшүлгөн. Анда мэриядан кызматкерлердин буга тиешеси жок экенин билдиришкен.

Ал эми Калыгулов басма сөз катчылыктан өз каалосу менен кеткен. Ал эми мурдагы басма сөз катчы, учурда Сарыбашовдун үгүт штабында иштеп жаткан Азамат Абсаттаров үгүт материалды «ал байкабастан бөлүшүп алышы мүмкүн» деп билдирген.

Мындан сырткары, мэрия шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркуловго эскертүү берди. Ал эскертүү алганы тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Данияр Жаныкулов да билдирген болчу.

Буга Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм-адабий бөлүмүнүн башчысы Суранчы Жетимишов экс-мэр Таалайбек Сарыбашовго үгүттөгөнү себеп болгон. Жетимишов өзү кызматтан алынган болчу.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык, шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат.