Сокулукта зордуктоого шектелген кишинин үй-бүлөсү айылдан көчүрүлдү

Чүйдүн Сокулук районунун Исмаил айлында 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген кишинин үй-бүлөсү айылдан убактылуу көчүп кетти. Бул тууралуу Сокулук районунун прокурору Орозбек Бердибаев «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, Аксакалдар сотунун чечими мыйзамсыз. Бирок коопсуздук үчүн шектүүнүн үй-бүлөсү Бишкекке убактылуу көчүрүлдү, ал эми алардын үй-жайы укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болот.

«5-декабрдан баштап милиция кызматкерлери алардын коопсуздугун коргоп жүрүшкөн. Үйүн күйгүзүп ийебиз деген сөз тараганда ал жерге сакчы коюлган. Ошого карабай, өздөрүнүн коопсуздугу үчүн чыгып кетишиптир», — деген ал.

Буга чейин 8-декабрда Лунара Бекиева аттуу Фейсбук колдонуучу өзүнүн барагына шектүүнүн үй-бүлөсү көчүүгө камынып жаткан видео жүктөгөн.

«16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жарандын үйүнө барсам, оокаттарын унааларына салып көчүп атышкан экен. Аксалакалдар кеңешинин мүчөсү, айыл башчы, милиция кызматкерлери жүрдү. Кыштын суугунда картайган ата-энесин,чиедей балдарын көчөгө чыгаруу ушунчалык зарыл беле?» — деп суроо салган Бекиева.

Тасманын автору Аксакалдар кеңеши чыгарган чечимдин юридикалык күчү барбы деп суроо узаткан. Анда шектүүнүн апасы «бизде эмне күнөө» деп кошумчалаган. Анда тургундардын бири аларга кайрылып, жаныблануучу тараптын да абалын ойлоого чакырган.

Окуя кандай болгон?

5-декабрда 16 жаштагы кыздын атасы Сокулук райондук милициясына арыз менен кайрылган. Өз арызында ата таң эрте жашы жете элек кызын белгисиз адам Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуну убадалап, жолдон күч колдонуп зордуктап койгонун билдирген.

Милиция факты боюнча «Зордуктоо» беренеси менен иш козгоп, сотко чейинки өндүрүш ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошол эле күнү 31 жаштагы кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмышка шектүү кармалган күнү райондук милициянын имаратынын алдына жабырлануучунун 50гө жакын тууганы менен айылдаштары чогулган. Алар шектүүнү камап, чара көрүүнү талап кылышкан.

Ал эми 7-декабрда жабыркаган кыздын жакын туугандары, райондун акими Курманбек Айтибаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имам, жергиликтүү депутаттар, айыл тургундары жана Аксакалдар соту чогулуп жыйын өткөргөн.

Айыл тургундары шектүү буга чейин «эки кызды зордуктаганын», бирок, «укук коргоо органдарына акча берип, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кеткенин» айтып шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан көчүрүү талабын коюшкан.

Натыйжада Аксакалдар соту чечим чыгарып, шектүүнүн үй-бүлөсүнө айылдан көчүп кетүү үчүн үч күн убакыт беришкен.