Бир видео менен: Түркияда лыжа тепкен Садыр Жапаровдун видеосу көрсөтүлүп жатат

Түркиянын көчөлөрүндө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров лыжа тээп жүргөнү тартылган видео көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу Twitter’де Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Кубан Өмүралиев билдирди.

«Видео Этимесгут аймагында сегиз светодиоддуу экранда көрсөтүлүүдө», — деп жазды Өмүралиев.

Ошол эле учурда жарнаманы ким төлөгөнү айтылган жок.

Президенттин жарнамасы

1-январда Садыр Жапаровдун социалдык тармактардагы барактарына Караколдо тартылган видео чыккан. Анда президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы тоодо лыжа тебүү туризмин жарнамалаганы тартылган.

Жапаров туристтерди Кыргыстанга келип, лыжа тээп эс алып кетүүгө чакырган.

«Каракол лыжа базасы дүйнө жүзүндөгү ондукка кирген лыжа базасы. Трассанын узундугу 4,5 километрди түзөт. Келип лыжа тебиңиздер. Бардык шарты менен беш жылдыздуу отель бар», — деген өлкө башчысы.

Садыр Жапаров Чүй өрөөнүндө дагы лыжа базалары бар экенин белгилеген — Орловка, Чуңкурчак, Зил жана башкалар.

«Кыргызстан — кышкы туризмдин өлкөсү!» — деп видеого баяндама коюлган.

Декабрдын ортосунда президент өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, министрлер кабинетине Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүү жана «Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» мамлекеттик мекемесин түзүү тапшырмасы берилген.