Тажикстан тарап чек ара чырында эки адам каза болгонун маалымдады

28-январда Тажикстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда эки киши каза болгонун кабарлады.

Тажикстандын чек арачыларынын маалыматына караганда, Исфара борбордук ооруканасынын тез жардам кызматынын айдоочусу Абдулатиф Шарифов жана Ходжаи-Аало айылынын тургуну Обидджон Туйчиев каза болгон.

Андан тышкары 10 адам жаракат алган: алты аскер кызматкери жана төртөө жай тургун.

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагындагы чек ара жаңжалы 27-январда болгон. Алгач Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары таш төгүп Баткен — Исфана автожолун тосуп алган. Кыргызстан жолду тажик тарап тосуп алганын айтса, тажик чек ара кызматы жаңжалды кыргыз тарап баштады деп ишендирүүдө.

Саат 19:30да эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, ок атуу башталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик аскерлери ок ата баштаган деп ишендирүүдө. Ал эми Тажикстандын чек арачылары кыргыз аскерлери биринчи ок чыгарган деп билдирген.

28-январь эртең менен Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экени кабарлады. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги 28-январдын таңына карата Баткен облустук ооруканасына чек арадагы ок атууда жабыркаган 11 адам жаткырылганын маалымдады. Түрдүү жараат алган жарандардын абалы орточо деп бааланууда.