Улуттук банк 1-марттан тартып эсептик ченди 8,5%дан 10%га чейин жогорулатты. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта бул чечим «тышкы чөйрөнү өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттардан» улам кабыл алынганы айтылат.
Улуттук банктагылар өлкөнүн экономикасы коронавирустун пандемиясына байланыштуу кризистен кийин калыбына келүүсүн улантып жатканын кошумчалашты. Мындан тышкары, башкы банктын билдирүүсүндө Кыргызстандагы баалардын өсүшүнүн «геосаясий тобокелдиктери» жөнүндө айтылат. Буга чейин минкаб Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга карата киргизилген санкциялардан улам каатчылыкка каршы иш-чаралардын планын иштеп чыкканын билдирген.
«Кыргыз Республикасында баалардын динамикасына дүйнө жүзү боюнча азык-түлүктөргө жана майлоочу-күйүүчү материалдарга баалардын өсүшү таасирин тийгизип жатат. [...] Ошол эле учурда өлкөдө келечектеги баа динамикасы көп учурда соода боюнча өнөктөш өлкөлөр, биринчи кезекте Россия жана Казакстан менен соода жүргүзүү шарттарына көз каранды», — деп билдиришти Улуттук банктан дүйнөлүк финансы рынокторундагы белгисиздиктен улам Кыргызстанда инфляция өсө берерин кошумчалап.
Ошондой эле өлкөнүн башкы банкы «улуттук валютада жетиштүү ликвиддүүлүк көлөмүнө ээ» экенин айтып ишендирди. Улуттук банк өлкөдө баалардын туруктуулугун кармоо үчүн акча-кредит саясатын жүргүзөт.
Улуттук банктан инфляцияны 12%дын чегинде кармап туруу аракети да көрүлөөрүн айтышты.
Акыркы жолу башкы банк эсептик ченди бир ай мурда, 31-январда жогорулаткан. Анда эсептик чендин өлчөмү 8%дан 8,5%га чейин көбөйтүлгөн. 2021-жылдын январында эсептик чендин өлчөмү 5%ды түзгөн.
Эсептик чендердин жардамы менен Улуттук банк босогону аныктайт, ал боюнча коммерциялык банктар калк үчүн берилүүчү насыянын баасын белгилешет. Эсептик чен канчалык төмөн болсо, акыркы керектөөчү үчүн кредит насыя ошончолук арзан болот, тескерисинче болгондо — кымбат.
Чендин жогорулашы кредиттин кымбатташына жана депозиттердин көбөйүшүнө алып келет. Натыйжада, «Азаттык» белгилегендей, товар жана кызматтарга суроо-талап төмөндөйт, баалардын өсүшү токтойт жана инфляциянын өсүшү жайлайт. Эсептик чен төмөн учурда банктардын калкка берген насыясы арзан болот, мында суроо-талап жогорулайт жана ал баалардын кымбатташына, анын ичинде инфляциянын өсүшүнө алып келет.
Тема боюнча окуңуз: Доллар эмне себептен өсүүдө, баалар дагы кымбаттайбы, бийлик чара көрөбү? Түшүндүрүп беребиз
УБ: Орусияны SWIFT’тен өчүрүү кыргыз банктарынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт