Бир катар медиа уюмдар жана журналисттер Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата билдирүү жасашты. Кайрылууда Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканы айтылат. Алар бийликти журналисттерге жана ЖМКга карата басымды токтотууга, ошондой эле сөз эркиндигине каршы мыйзам долбоорлорун демилгелебөөгө чакырышты.
Кылмыш иштери тууралуу
Билдирүүдө 2022-жылдын башында эле Temirov Live, Kaktus.Media редакцияларына жана Next TV телеканалына карата кесиптик ишмердигине байланыштуу үч «кылмыш куугунтугу» башталганы белгиленет.
Январдын аягында иликтөөчү журналист Болот Темиров баңги заттарын мыйзамсыз сактоого шектелип кылмыш иши козголгон. Иш Temirov LIVE’дын кеңсесинде спецназ тинтүү жүргүзгөндөн кийин козголгон. Анда укук коргоо органдын кызматкерлери Темировдун арткы чөнтөгүнөн түйүнчөк таап, ичинде баңгизат бар экенин айтышкан. Журналист өзү баштыкчаны тинтүү учурунда чөнтөгүнө салып коюшканын бир нече жолу айткан. Журналисттин заарасы менен канынан алынган анализден баңгизаттын курамы чыккан эмес.
Андан кийин Temirov LIVE’дын бүткүл командасы интернетте онлайн көкүтүүгө кабылган. Апрелдин ортосунда Темировго карата дагы ү кылмыш иши козголгон. Бишкек ШИИБден журналист паспортту жана аскердик билетти мыйзамсыз алууга, ошондой эле чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелип жатканын билдиришкен.
«Болот Темировго каршы кылмыш иштери экөөндө тең Кыргызстандын жооптуу кызматындагы адамдын аты аталган чуулгандуу антикоррупциялык материалдар жарыяланган соң козголгон», — деп эске салышты журналисттер билдирүүсүндө.
Ошондой эле медиакоомчулук Kaktus Media’га кыргыз-тажик чек ара жаңжалы тууралуу Тажикстандын Asia Plus басылмасынын макаласын жарыялаганы үчүн козголгон кылмыш ишин да эске салды.
«Сотко чейинки өндүрүш редакциянын аракетинде кылмыштын квалификациялык белгилери аныкталбай туруп башталган», — деп айтылат билдирүүдө.
Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин кармалышын журналисттер «ЖМКга карата басымдын кезектеги фактысы» катары баалашты. Дүйшөнбиев 3-мартта улуттар аралык кастыкты козутуу иши боюнча кармалган. УКМК Next TV соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишим жетишилди деген жалган маалымат тараткан» деп айтууда. Журналисттер өз материалында маалымат булагы катары Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин айткандарына таянышкан.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Башкы прокуратуранын арызынан кийин телеканалдын материалын экстремистик деп таап, бирок көзөмөл органынын телеканалды жабуу жана обого чыгуусуна тыюу салуу өтүнүчүн колдогон эмес.Бирок ошол эле маалда телеканалдын кеңсеси марттын башынан бери жабык турат.
«Бирок бүгүнкү күнгө чейин иш боюнча Таалай Дүйшөнбиевден башка шектүүлөр аныктала элек, ал эми бул, факт боюнча, кылмыштын курамы жоктугун көрсөтүп турат. [Ал] 3-июнга чейин камакта калууда», — деп белгилейт медиа коомчулук билдирүүсүндө.
ЖМКга басым
Алар ЖМКга карата козголгон кылмыш иштери «көз карандысыз медиаларга эбегейсиз басым көрсөтүлүп жатканын күбөлөндүрөт» деп эсептешет.
Медиа коомчулук журналисттерге жана ЖМК карата кылмыш куугунтуктары менен катар интернет айдыңында аларга карата онлайн көкүтүү, каралоо, дискредитациялоо жана коркутуулар уюштурулганына дагы кабатыр. Ошондой эле алар электрондук почталарды, мессенжерлерди жана соцтүйүндөрдөгү жеке аккаунттарды бузуп кирүү аракеттери көбөйгөнү тууралуу журналисттердин билдирүүлөрүнө дагы тынчсызданышууда. Мындан тышкары, айрым көз карандысыз редакцияларды жабуу талаптары арбын.
«Тилекке каршы, жооптуу кызматтагы адамдар ЖМКга чабуулдарды айыптагандын ордуна коомчулуктун алдына чыгып сүйлөгөндө аларды негизсиз айыптап, журналисттерди эл алдында дискредитация кылышат», — деп айтылат билдирүүдө.
Тема боюнча: Садыр Жапаров: Болот Темиров журналист болгон үчүн резонанс жаралып жатат
Байсалов Temirov Live’дын Ташиевдин уулу жөнүндө иликтөөсүн «манипуляция» деп атады
Медиа коомчулук басымга карабастан көз карандысыз басылмалардын журналисттери милдетин аткарууну улантып жатышканын белгилейт.
Сөз эркиндиги жаатындагы мыйзамдын начарлашы
Билдирүүдө сөз эркиндигинин начарлашына байланыштуу дагы бир маанилүү фактор бул сөз эркиндигине тоскоолдук жараткан мыйзамдар экени айтылат.
Медиа коомчулук мындай мыйзамдардын катарына минкабдын токтотумунун долбоорун кошкон. Долбоордо фейк маалыматтарды таратууга байланышкан арыз түшкөндөн кийин сайттарды бөгөттөөнүн жол-жоболору сунушталган.
Демилге соттун уруксаты жок эле интернет-провайдерлердин жардамы менен интернет-барактарды, ал түгүл сайттарды толугу менен бөгөттөөгө жол ачат. Бул документ «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мызамдын иштешин толукташы керек. Байланыш операторлор ассоциациясы токтом долбоору өлкөнүн мыйзамдарына каршы келерин билдирип, андагы жазылган талаптарды аткаруу техникалык жактан мүмкүн эместигин айтышкан.
Ошондой эле медиа коомчулук коомдук телеберүү болушу зарыл экенин эске салды. Апрелде парламенттин депутаттары КТРКга мамлекеттик канал макамын кайтарган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышкан. Аталган мыйзам КТРКны «коомдук канал» макамынан ажыратууну шарттайт.
«[Муну менен мыйзам] ири медиакорпорациянын ишмердигине коомдук көзөмөлдү жокко чыгарып, анын редакциялык саясатына кийлигишүүнү мыйзамдаштырат», — деп айтылат кайрылууда.
Медиа коомчулук өлкөнүн Конституциясы ар бир жаранга сөз эркиндигине, өз оюн эркин айтууга укук берерин жана цензурага жол бербесин бийлик башындагылар эстен чыгарбашы керектигин белгиледи. Алар кошумчалашкандай, бийлик жогоруда айтылгандарды эске алып, «сөз эркиндигине жана өз оюн эркин айтууга ашыкча кийлигишүүдөн алыс болушу керек».
«Учурдагы бийлик өкүлдөрү кысым жана репрессияга кабылган учурда өз укуктарын коргоо жана ойлорун элге жеткирүү үчүн соцтүйүндөрдү, интернет жана ЖМКны активдүү пайдаланышкан, демек, алар сөз эркиндигин, пикири түрдүү ЖМК болушу керектигин, чындыктын үстүнөн монополиянын жок болушу канчалык баалуу экенин аңдашы керек. Көз карандысыз, күчтүү жана профессионалдуу пресса, айрыкча чек ара жаңжалдары курчуп, эл аралык кырдаал оор болуп, фейк жана пропагандалык маалыматтар абдан көп таркап жаткан учурларда абдан керек», — деп белгиледи медиа коомчулук кайрылуусунда.
Дагы окуңуз: Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитети Дүйшөнбиевди бошотууну талап кылды