Байсалов Temirov Live’дын Ташиевдин уулу жөнүндө иликтөөсүн «манипуляция» деп атады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Temirov Live’дын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиевдин Жалал-Абад облусундагы тендерлерди катары менен утуп жатканы тууралуу иликтөөсүн «манипуляция» деп атады.

Байсаловдун айтымында, Ташиевдердин 25 жылдан бери бензин менен ишкерлик кылып келгени эч кимге жашыруун эмес.

«“Ташиевдин баласы тендерлерди утуп баштады” деп чуу жаткан тема жазып койсо эле, бардыгы айгайлап, кыжырданып жатып калды. Ташиевдердин 25 жылдан бери бензин менен ишкердик кылып келгеничи??! Аны баары эле билет! Кылмышты табышыптыр: 300 АКШ доллар киреше алып келген үч кичинекей тендер», — деп жазды ал.

Тай-Мурас Ташиевдин компаниясы тууралуу иликтөө

Temirov Live’дын иликтөөчү журналисттери 18-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин саясаттан кеткен уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад облусундагы тендерлерди катары менен утуп жатканы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Маалылматка ылайык, Тай-Мурас Ташиевге таандык «Мока Групп» компаниясы жыл башынан бери Жалал-Абаддагы тендерлерди утуп баштагынын аныкташкан.

Юстиция министрлигинин маалымат базасында «Мока Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү катары Тай-Мурас Ташиев көрсөтүлсө, ал эми директору катары 27 жаштагы Тимурлан Арзымат уулу катталган. Компания күйүүчү жана техникалык майларды дүңүнөн сатуу менен алектенет.

Аталган компания 3–мартта жаратылыш ресурстар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан дээлик 200 миң сомго бензин сатып алуу боюнча тендерин утап алган.

Андан сырткары «Мока Групп» 8-апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешинин 50 миң сомго бензин сатып алуу боюнча экинчи тендерди уткан. Көп өтпөй ушул эле компания шаардык мэрия жарыялаган 97 миң сомго бензин сатып алуу боюнча кезектеги тендерди жеңген. Азырынча мэрия менен бул тендер боюнча келишим түзүлө элек.

Журналисттер үч тендерде тең «Мока Групп» компаниясы конкурстун жалгыз катышуучусу болгонун белгилешкен.

Мындан сырткары журналисттер «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин үч күн өтпөй депутат Шайырбек Ташиевдин 19 жаштагы уулу Элмирбек Кыдыршаев тендерлерге катышуу ниетин билдирип, Мамлекеттик сатып алуулар сайтына катталганын аныкташкан.

Тай-Мурас Ташиев

Тай-Мурас Ташиев — «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы менен Жалал-Абад шаардык кеңешине депутаты болуп шайланган. Көп өтпөй 4-октябрда мандатып тапшыруу туурлауу арыз берген.

Ал мунун себебин «Клоопко» «бизге саясатка аралашууга өтө эрте деп ойлойм» деп түшүндүрүп, мындан ары жеке бизнес менен алектенээрин айткан.

Ал шаардык кеңешке талапкерлигин көрсөтүп жатканда өзүн «Томас и Ко» ЖКСынын директорунун орун басары катары көрсөткөн — аталган компаниянын бир нече май куюучу бекеттери бар.

Мындан сырткары, ал шаардык кеңештин жыйынында Жалал-Абад шаарында кафе иштетээрин ачыктаган.

Тема боюнча:

Temirov Live: Тай-Мурас Ташиевдин күйүүчү май саткан компаниясы тендерлерди утуп баштады

Temirov Live: Ташиев менен байланышы бар компания Өзбекстанга мазут сатып 37 млн сом тапты

Президенттин кудасы жетектеген «Унаа» ишканасынын 527 млн сомдук тендери текшерилип жатат