Чүйдө дарыянын жээгинен сөөгү табылган кыздын өлүмү иликтене баштады

Чүй облусунун аймагында дарыянын жээгинен европа улутундагы жаш кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу 5-майда облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, окуя тууралуу милицияга 2-майда Чүй айылынын тургундары кабарлашкан. Жерине барган ыкчам тергөө тобу маркум болжол менен 20-25 жашта экенин аныктаган. Учурда анын аты-жөнүн такталып жатат.

Чүй ОИИБ кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганын белгиледи. 

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ош облусунун Алай районуна караштуу Жаңы-Алай айыл аймагында 22 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Бул маалымат милицияга 20-апрелде түшкөн.

Айрым басылмалар өздүк булактарына таянып, кыз бир топ күндөн бери дайынсыз болуп, изделип жатканын жазган. Ошол кездеги алдын ала маалыматтарга ылайык, «кыз дары-дармек же уулуу зат ичип» каза болгон. Милиция бул окуя боюнча териштирүү иштерин баштаган.

Тема боюнча:

Алайда 22 жаштагы кыздын сөөгү табылды, милиция териштирүүнү баштады