Алайда 22 жаштагы кыздын сөөгү табылды, милиция териштирүүнү баштады

Ош облусунун Алай районуна караштуу Жаңы-Алай айыл аймагында 22 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Маалыматты «Клоопко» Ош ОИИБден тастыкташты.

Милициянын басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева сөөк табылганы тууралуу маалымат 20-апрелде саат 8:30 чамасында келип түшкөнүн билдирди. Ал учурда милициянын тергөө тобу жерине кеткенин, окуянын чоо-жайы боюнча азырынча толук маалымат жоктугун айтты.

Ал эми «Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянып, кыз бир топ күндөн бери дайынсыз болгонун жазды. Алдын ала маалыматтарга караганда «ал дары-дармек же уулуу зат ичип» каза болгон.

Басылма маркум Ош облусунун Араван районунун тургунуна турмушка чыгып, артында балдары калганын белгилейт.

Үстүбүздөгү жылдын 18-январында аталган райондун Гүлчө айылындагы дарыядан 71 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Аял 12-январь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголуп, изделип жаткан.

Өз алдынча издеген жергиликтүү тургундар алгач аялдын кийимдерин дарыянын жээгинен табышкан. Маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Алайда дайынсыз жоголгон 71 жаштагы аялдын сөөгү дарыядан табылды