УКМК: Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси 70 миң доллар пара алууга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси 70 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алууга шектелип кармалганын кабарлашты.

Атайын кызматтын басма сөз борборунан шектүү Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы жетекчиси экенин белгилешти.

«Шектүү 2016-жылы чет элдик С.С. аттуу ишкерге Кыргызстандан Кытайга эшектерди алып чыгууга уруксат алып берем деп убадалап 70 миң доллар алган. Бирок уруксат документтерин дагы, акчасын дагы кайтарып берген эмес», — деп жазылат билдирүүдө.

УКМКдан шектүү 14-майда, каражаттын бир бөлүгүн ишкерге кайтарып берип жатканда кармалганын кошумчалашты.

Бул факты «Пара алуу» беренеси менен катталып, ишке башка адамдардын тиешеси бар-жогу аныкталып жатат.

2017-жылы Улуттук статистика комитети тийиштүү органдар менен Кыргызстандын бүт аймактарындагы мал-жандык жана канаттуулардын санын тактаган. Анда эшектердин саны 2016-жылга салыштырмалуу 10 миңге азайганы белгилүү болгон.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Дагы окуңуз:

ИИМдин ага тергөөчүсү 200 миң сом пара алууга шектелип кармалды

«100 миң доллар пара алган». Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды