Аквапаркка 232 бала барган. Окуучунун өлүмү боюнча 6 мугалим жана завуч иштен алынды

Сүрөт: «Билим Акипресс»

Бишкек шаарында 3-класстын окуучусунун аквапарктагы өлүмүнө байланыштуу № 95 мектептин 6 мугалими жана окуу бөлүмүнүн башчысы иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган окуя боюнча Билим берүү башкармалыгы атайын комиссия түзгөн. Анда аквапаркка башталгыч класстардын 232 окуучусу, 9 класс жетекчи, 9 ата-эне барганы аныкталган.

Мэриядан эс алуу күнүн мугалимдер өздөрү уюштурганын айтышып, бул тууралуу мектеп администрациясына жана балдар менен иштөө инспекциясына кабарланган эмес деп билдиришти.

«Ошол себептен иш-чарада балдар иштери боюнча инспекторлор, окуучуларды транспорттук коштоо боюнча укук коргоо кызматкерлери болгон эмес. Ошондой эле билим берүүнүн онлайн формасына өтүү, ата-энелерге жана окуучуларга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча буйрук берилген эмес», — деп билдиришти калаа бийлигинен.

Мындан улам аталган иш-чарага тиешеси болгон мугалимдер жана окуу бөлүмүнүн башчысы жумуштан бошотулган. Андан сырткары комиссия «балдардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргобогондугу жана функционалдык милдеттерин аткарбаганы үчүн» мектеп директорун тартиптик жазага тартып, аны жумуштан бошотууну сунуштаган.

Аквапаркка чөгүп каза тапкан 9 жаштагы Атай

Атай Аскат уулу

6-июнда № 95 мектептин 3-классынын окуучусу Атай Аскат уулу «Ала-Тоо» аквапаркына чөгүп кеткен. Окуучуларды бассейнге мугалими менен эки ата-эне коштоп барган. Бирок баланын чөгүп жатканын алгач эч ким байкаган эмес.

Куткаруучулар менен медайым балага жасалма деп алдыруу жасаган. Бирок окуучу ошол жерде жан берген.

Атайдын апасы Асел Азыкова уулу бир айдан кийин 10 жашка чыкмак деп сыздап отурган чагы. Ал мектепте эс алуу уюштурулганда «куткаруучулар болот» деп айтышкандыктан уулум ишенип жибергенин айтат.

Аял окуяга мектеп директорун жана аквапарктын жетекчилигин күнөөлүү деп, аларды жазага тартууну талап кылууда. Анын айтымында, ошол күнү эс алуу жайында 200-300 бала болгонуна карабастан коопсузук каралган эмес.

«Эки жарым жылдан бери чоң оорууга кабылгам. Дарыланчумун. Ушул балам эле мага дем берчү [...] Эми ким жооп берет? Эмне үчүн ошончо баланы ал жакка алып барышты. Бала суудан калкып чыгып калганча эмне кылышты алар айтыңыздарчы?!» — деп суроо салган ал.

Учурда Октябрь РИИБи бул окуя боюнча «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» жана «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү» беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп жатат. Ал эми окуучунун өлүмүнөн кийин «Ала-Тоо» аквапаркы убакылуу ишин токтотту.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Таянаар тоом жок эми». Аквапаркта чөгүп кеткен окуучунун апасы иликтөө жүргүзүүнү талап кылды

9 жашар баланын өлүмүнө байланыштуу «Ала-Тоо» аквапаркы убактылуу жабылды