Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлдү. Ким канча ала баштайт?

Президент Садыр Жапаров 2-августта мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштегендердин айлыгын жогорулатуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Президенттин администрациясынан маяналар мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле аларды материалдык жактан кызыктыруу максатында жогорулатылганын билдиришти. Ошондой эле бийлик бул аракети менен жогорку квалификациялуу кадрларды кызматка тартып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууну көздөйт.

Документке ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы эми төмөнкүдөй болот:

Министрликтерде

2022-жылдын 1-августунан тартып министрликтин бөлүм башчысынын жетекчиси кызматкеринин орточо эмгек акысы 67 749 сомго чейин көбөйдү. Буга чейин ал 34 миң 445 сомду түзүп келген.

Министрликтин жетектөөчү адиси буга чейин 21 098 сом айлык алып келген болсо, эми анын эмгек акысы 49 012 сомду түзөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда (ЖМА)

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысынын маянасы 22 170 сомдон 41 319 сомго көтөрүлдү.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетектөөчү адиси 1-августтан тартып 18 213 сомдун ордуна 35 940 сом алат.

Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүндө

Аймактык бөлүмдүн бөлүм башчысы эми 38 830 сом ала баштайт. Буга чейин ал 17 637 сом алып келген.

Аймактык бөлүмдүн жетектөөчү адиси эми айына 32 110 сом алат, буга чейин аларга 14 442 сом төлөнүп келген.

Райондук маанидеги шаар мэрияларында

Мэриянын бөлүм башчысынын айлыгы 39 785 сомго жогорулады. Буга чейин аталган кызматтагы кызматкерлер 16 881 сом алышчу.

Ал эми мэриянын жетектөөчү адиси 13 813 сомдун ордуна эми 34 708 сом алат.

Айыл өкмөттөрүндө

Айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысынын маянасы 16 125 сомдон 33 851 сомго жогорулады. Ал эми айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин айлыгы эми 27 706 сомго чейин көтөрүлдү, буга чейин мындай адиси 13 184 сом алып келген.

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.