Баткен облусундагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажикстандыктар жарандык унаалар менен курал-жарак ташып келип, окопторду казып жатышат. Бул тууралуу 20-октябрда парламентте депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.
*«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүндө Көк-Таш айылында жайгашкан. Ал Ак-Суу дарыясынын суусун бөлүштүрөт. «Головной» стратегиялык объект деп таанылган — аны ИИМдин кызматкерлери кайтарат.
Эл өкүлүнүн айтымында, бул боюнча жагдай 19-октябрда белгилүү болгон.
Өмүрзаков 14-17-сентябрдагы толук масштабдуу куралдуу кагылышуудан кийин Кыргызстан менен Тажикстан ок атышууну токтотуу жана анын кесепеттери тууралуу келишимге кол коюшканын эскертти.
«Анан эми муну кандай түшүнсө болот? Кечээ бардыгыбыз көрдүк ко, курал-жарак алып келип атышат, окопторду казып атышат. Кечээ мага Баткенден, Лейлектен жаш балдар келишти, кабинетиме. Алар айтып атышат, биз көрүп атабыз дейт, окоп казып атышат, даярданып атышат дейт. Маалымат алып атабыз, оор техникалар алыска кеткен жок дейт. Анан эми протокол, келишимдерге кол койгондон кийин дагы жолугушуу өткөрүшүбүз керек да, мындай маалымат алып атабыз, мындай тасмалар, видеолор чыгып атат депчи. Унчукпай отура берсек эртең эмне болот? Эл, жарандар ушинтип айтып атып, окоп казып атат, курал-жарак алып келип атат деп туруп, өткөндөгү окуялар болду. Ошон үчүн тез арада [...] ушул боюнча сүйлөшүү жүргүзүү керек», — деп эсептейт Өмүрзаков.
Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.
Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.
Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптоодо.
«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайындагы куралдуу жаңжал
2021-жылдын 28-апрелинде Кыргызстандын Көк-Таш айылы менен Ворух анклавынын тургундары «Головной» суу бөлүштүрүүчү каналына байланыштуу чырдаша кетишкен. Кыргызстандыктар ал жерден тажик тарап орноткон камераларды алууну талап кылышкан.
Суу бөлүштүрүүчү тосмо Баткен облусунун аймагындагы Төрткүл суу сактагычынын башында жайгашкан. Аталган суу сактагыч сугат учурунда Баткен районунда жана Баткен шаарында 11 миң гектар айдоо жерин сугат суусу менен камсыздайт. 1991-жылы кабыл алынган келишимге ылайык, Төрткүл суусактагычындагы суунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат.
Жаңжалда эки өлкөнүн жарандары бири-бирине таш ыргыта баштап, кийин ок атуулар угулган. Ок атууну кимиси биринчи баштаганы белгисиз — эки өлкөнүн тең бийлиги бири-бирин күнөөлөгөн.
Эртеси күнү чек арага жакын аймакта миномёт жана куралдардан ок атыла баштаган. Кыргызстандын бийлиги тургундарды чукул арада эвакуация кылган. Атышуу эки мамлекеттин бийлиги ок атууну токтотууну сүйлөшүп жатканда дагы кечке чейин токтогон эмес. Буга карабастан ок атуулар 30-апрелге чейин уланган.
Ок атышууну биротоло токтотуу келишими 1-майда гана, кайрадан сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин токтогон. Ал эми кошумча күчтөрдү мамлекеттик чек ара сызыгынан жылдырып кетүү иши 3-майда гана аяктаган.
Өкмөттүн ошол учурдагы Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Согди облусунун губернатору чырга себеп болгон камераларды алууга макул болгонун, бирок Исфара районунун акими жетекчилигинин буйругуна баш ийбегенин айткан.
Тажикстандын чек ара кызматы чырдын күчөп кетишине Баткен облусунун акими Акылбек Орозовду айыптаган. Алардын айтымында, «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын алып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактаган».
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жаңжалда 36 киши, анын ичинде эки бала курман болуп, дагы 154 адам жабыркаганын билдирген. Тажик тарап болсо 19 жараны каза болуп, 87 адам жарадар болгонун кабарлаган.
Бул жаңжалда кыргыз айылдарындагы жүздөн ашык турак жай, эки мектеп жана оорукананы кошуп инфраструктуралык объектилер өрттөлүп же талкаланган. Тажик бийлиги 15 үй жабыркап, бир мектеп жарым-жартылай зыянга учураганын айткан.