Дача-СУдагы авиакырсыктын себептерин иликтөө боюнча коомдук комиссия ишин аяктады. Алар өз баяндамасын ушул аптада президентке жана парламентке жөнөтмөкчү. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү юрист Нурбек Токтакунов билдирди.
Аталган комиссия президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2022-жылдын май айында түзүлгөн. Ал 2017-жылдын 16-январында 39 адамдын өмүрүн алган авиакырсыктын себептери жана шарттары боюнча корутунду даярдады.
«Аткезчилик болгон эмес»
«Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак 2017-жылы январда Дача-СУ кыштагына кулаган. Ал Гонконгдон Стамбулга учуп бара жаткан жана Бишкектин «Манас» аэропортунан май куюп алышы керек болгон. Учак аэропортко жетпей, аба майданга жакын жайгашкан кыштакка кулап, 26 үйдү сүрүп кеткен. Учактын бортунда тиричилик техникалары, телефондун аксессуарлары, зажигалкалар жана чөнтөк телефондору — жалпысынан 76 тоннадан ашык жүк болгон.
Кырсыктан көп өтпөй «кыйраган учак контрабандалык жүк ташып баратканы жана Бишкекке белгисиз жүк таштап кетиши керек болгону» тууралуу маалымат тарай баштаган. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев «аткезчиликке катыштыгы бар» деп айыпталган.
Анткен менен юрист Токтакунов комиссия ACT Airlines авиакомпаниясынын Гонконг — Бишкек — Стамбул багыты боюнча жүк ташуучу каттамдарынын маалыматтарын изилдеп чыкканын билдирди.
«Таблицадан көрүнүп тургандай, учактар Стамбулга Бишкекке учуп келген жүктүн салмагы менен бирдей салмакта учкан. Учактын Бишкекке келип, май куюлгандан кийин Стамбулга учуу убагынын айырмасы 1-1,5 саатка чейин. Ошондой эле рейс “Р” формасында жасалган, бул “Манас” эл аралык аэропортунда жүктү түшүрүү же жүктөө боюнча коммерциялык укуктун жоктугун билдирет», — деди Нурбек Токтакунов.
Ал аталган маалыматтардын 2017-жылдын март айында эле белгилүү болгонун айтты. «Бирок контрабандалык жүктү жеткирүү ыктымалдуулугун изилдөө үчүн ошондогу президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен түзүлгөн тергөө тобу Түркияга эки жолу барган» дейт. Бирок тергөө тобу «аткезчиликтин изин тапкан эмес».
«Мамлекеттер аралык авиация комитетинин (МАК) Авиакырсыктарды иликтөө боюнча комиссиясынын корутунду баяндамасында да жүктүн кимге таандык экени жана Бишкекке конуу максаты чагылдырылган. Учак Америкага таандык болгону үчүн комиссияга америкалык эксперттер да катышкан. Ал эми экспертизаны москвалык адистер жасашты. Жалпысынан москвалык, америкалык, түркиялык жана биздин эксперттер контрабанда болгон эмес деп ырасташат», — деп жазган Токтакунов.
«Бир гана учкучтар жоопкер эмес»
2021-жылы МАКтын Авиакырсыктарды иликтөө комиссиясы «Боинг-747» учагынын кыйрашы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялаган. Анда кыргызстандык диспетчер учак конуу өтүнүчү менен баарын көрсөтмөгө ылайык аткарганын, кырсыкка «экипаждын өз чечими алып келгени» айтылган.
Токтакуновдун айтымында, коомдук комиссия баяндаманы талдап чыгышы керек болгон. Бирок ал комиссия мүчөлөрүнүн аталган баяндамага карата сурамжылоолору бар экенин билдирди. Алар баяндама «атайын терминологияларга жана илимий-техникалык жүйөөлөргө толо, ал эми чакырылган авиациялык эксперттердин аларга жооп берүүгө тийиштүү компетенциялары болгон эмес» деген пикирде.
«Мисалы, учуу бийиктиги жана экипаждын шашпагандай түр көрсөткөн кыймыл-аракеттери тууралуу оюн цензуралык чектен ашкан формада билдириши — учактын командири менен экипаждын ортосундагы ача пикир болгонун айгинелейт, ал эми бул баяндаманын аналитикалык бөлүгүндө айрым көзжаздымда калган учурлар бардай элес калтырат. Командир учуунун деңгеээлине токтоосуз ачууланып, акыры чындап эле учуп-конуу тилкесинен өтүп кеткен», — дейт юрист.
Токтакунов кошумчалагандай, МАКтын баяндамасында «Манас» аэропортуна диспетчерлер учактын туура эмес багытта учуп жатканын көрө алууга жана бул тууралуу экипажга кабарлоого мүмкүндүк берүүчү жаңы технологияларды алуу сунушталганы айтылат.
«Баяндамада диспетчерлердин көрүү начарлаган шарттардагы ишмердүүлүгү тууралуу жана аба майданына жакындай бергенде жаңылтуучу глиссадалардын (учакка багыт берген конуу траекториясындагы приборлор — ред.) бар экени боюнча эскертүүлөрү камтылган. Бул учактын кыйрашына бир гана учкучтар жоопкер эмес, "Манас" аэропортунун Аба кыймылын башкаруу кызматынын дагы белгилүү бир үлүшү бардай элес калтырат», — деди.
Мыйзамсыз курулган имараттарды жок кылуу
Каргашалуу окуядан кийин Дача-СУ кыштагындагы үйлөр мыйзамсыз курулганы белгилүү болгон. Авиациялык коопсуздук эрежелерине ылайык, конуу зонасына 2-3 чакырымдан кем эмес аралыкта курулуштар жана имараттар болбошу керек.
2017-жылдын апрель айында Дача-СУнун тургундары бийликтен коопсуз жайга көчүрүүнү талап кылып, митингге чыгышкан. Анда бийлик өкүлдөрү башка жакка көчүрүү маселеси «өкмөттүк деңгээлде чечилээрин, ушуга окшош конуштардын арасынан артыкчылыктуу нөөмөт менен каралаарын» билдирген. Бирок бул маселе дагы эле чеилбей келет.
Токтакуновдун айтымында, коомдук комиссия корутундусунда президентке «мындан ары аэропорттордо жана башка кооптуу объектилерде гана эмес, өлкө боюнча уруксатсыз курулуштардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүнү» сунуштады.
«Мыйзамсыз курулуштар үчүн жоопкерчилик жергиликтүү бийликке жана көзөмөл органдарына жүктөлөт. Кээ бирөөлөр өкмөт мыйзамсыз курулуштардан кабардар экенинен улам өзүлөрүн жоопкерчиликтүү эмеспиз деп эсептешет. Бирок өкмөттүн мыйзам бузуу фактыларынан кабардар экени — жергиликтүү бийликти жана көзөмөл органдарын эч кандай кол куушуруп отурганына байланыштуу жоопкерчиликтен бошотпойт», — деп белгиледи ал.
Дача-СУдагы каргаша
Учактын кыйрашынан улам Кыргызстандын бийлиги келтирилген зыянды 186 млн сомдон ашуун деп баалаган.
ӨКМдин башчысы 14-июлда коомдук комиссиянын жыйынында авиа кырсыктан кийин атайын эсептерге жабыркагандар үчүн жардам деп 151,4 млн сом чогулганын билдирген.
Учак таандык болгон Түркиянын ACT Airlines авиа компаниясы жана кыргыз бийлиги каза тапкандар менен жабыркагандардын үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берген. Бирок коопсуздук максатында деп кенемте катары берилген каражаттын суммасын ачыкташкан эмес.