Дача-СУда жабыркагандар үчүн чогулган 30 млн сомдон ашык акча бюджетке өтүп кеткен — комиссиянын мүчөсү

Дача-СУдагы авиа кырсыктын себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча коомдук комиссиянынын мүчөсү Дилбар Алимова жабыркагандар үчүн чогултулган акчанын бир бөлүгү бюджетке өтүп кеткенин билдирди. Бул тууралуу Алимова Фейсбук барагында жазды.

Анын айтымында, 30 млн 283 миң сом бюджетке, дагы 390 миң 455 сом соцфондго өткөрүлгөн.

«Эмне үчүн? деген суроону бердим, анткени биздин жарандар бюджетти колдойбуз деп акча салышкан эмес да? Бул ал кездеги комиссиянын чечими болгон деген жоопту берип жатышат», — деп жазды Алимова.

Дача-СУдагы каргаша жана кенемте

«Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак 2017-жылы январда Дача-СУ кыштагына кулаган. Учак Гонконгдон Стамбулга учуп бара жаткан жана Бишкектин «Манас» аэропортунан май куюп алышы керек болгон. Учак аэропортко жетпей, аба майданга жакын жайгашкан кыштакка кулап, 26 үйдү бузган.

Учактын кыйрашынан улам экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 39 адам курман болгон. Кыргызстандын бийлиги келтирилген зыянды 186 млн сомдон ашуун деп баалаган.

2017-жылдын 16-январында кыйроо болгон жердеги учактын куйругу. Сүрөт: Александра Ли/Kloop.kg

ӨКМдин башчысы 14-июлда коомдук комиссиянын жыйынында авиа кырсыктан кийин атайын эсептерге жабыркагандар үчүн жардам деп 151,4 млн сом чогулганын билдирди. Анын айтымында, каражат 2017-жылдын 19-январынан тартып чогултула баштаган. Атайын эсеп 2018-жылдын 12-январында жабылган.2017-жылдын июнунда ӨКМдин ошол учурдагы башчысы Кубатбек Боронов айдыгер эмес адамдардан чогулган 102 миллион сом кандай бөлүштүрүлгөнүн айтып бере албастыгын билдирген.

«[Жабыркагандарга] берилген акчалардын өлчөмүн мен айта албайм, бирок ал жакшы өлчөмдө жана бардык тараптарды канааттандырат. […] Бизге алардын көпчүлүгү таркатып берилген каражаттарга батир сатып алышканы маалым. Ал эми канча адам батир сатып алганын айта албайм. Эч кандай көйгөй калган жок. Өкмөт өзүнө алган милдеттердин баарын толугу менен аткарды», — деген ал ошол кезде.

Учак таандык болгон Түркиянын ACT Airlines авиа компаниясы жана кыргыз бийлиги каза тапкандар менен жабыркагандардын үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берген. Бирок коопсуздук максатында деп кенемте катары берилген каражаттын суммасын ачыкташкан эмес.

Дача-СУ кыштагындагы каргаша боюнча комиссия

2021-жылы Эл аралык авиациялык комитеттин авиакырсыктарды иликтөө боюнча комиссиясы Бишкектин кыштагына кулаган «Боинг-747» учагы боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялаган.

Иликтөөгө чейин айтылып келген аба ырайы (учак кулаган күнү катуу туман болуп турган), учак техникалык жактан оң эмес болчу делген алдын ала версиялар туура эмес болуп чыккан.

Эксперттердин айтымында, кыргыз диспетчерлери борт конууга уруксат суранганда баарын талапдагыдай аткарышкан. Учактын кырсыгына экипаждын кабыл алган чечими себеп болгон.

Отчётто белгиленгендей, учактын кырсыкка учурашына төмөнкү факторлор себеп болгон: «экипаж “Манас” аэродромуна учар алдында схемаларды көрүп алдын ала жетишерлик даярданган эмес» жана «экипаж кеменин учуу бийиктигин азайтуу параметрлерин тандоодо ылайыктуу келбеген чечимди кабыл алган».

Бирок үстүбүздөгү жылдын 10-майында президент Садыр Жапаров Дача-СУ кыштагына кулаган жүк ташуучу учагы менен болгон авиациялык кырсыктын себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча коомдук комиссияны түзүлгөнүн билдирген.

Жапаров Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) чечимине карабастан «коомдо дагы деле суроолор бар» экенин белгилеген. Жапаров комиссия Дача-СУ каргашасын «бейтарап жана ар тараптуу изилдөө» максатында түзүлгөнүн айткан.Президенттин жарлыгына ылайык, коомдук комиссия 2022-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө авиациялык кыйроого алып келген жагдайлар, себептер жана шарттар жөнүндө корутундуну жана Дача-СУ айылынын тургундарынын көйгөйлөрүн комплекстүү чечүү боюнча сунуштарды бериши керек.