Авиакырсыктан жабыркаган кыштак тургундары көчүрүп кетүүнү талап кылышты

2017-жылдын январында «Боинг-747» кулап түшкөн Дача-СУ кыштагынын тургундары президенттик администрациянын алдында митингге чыгып, көчүрүп кетүүнү талап кылышты. Бийлик өкүлдөрү адегенде компенсация төлөө маселеси чечилип, андан кийин көчүрүү маселеси каралаарын билдиришти.

Президенттик администрациянын алдындагы митингге 11-апрелде Дача-СУ кыштагынын 150 тургуну чыкты.

Жители Дачи-Су вышли на митинг и требуют переселения. Митингующие недовольны тем, что власти не обращают внимания на их проблемы. https://kloop.kg/blog/2017/04/11/zhiteli-dachi-su-vyshli-na-miting-vozle-belogo-doma-i-trebuyut-pereseleniya/

Posted by Kloop on Monday, April 10, 2017

Митингдегилер бийлик курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө компенсацияны эмгиче бөлүштүрбөй жатканына ачуусу келгенин айтышты.

«Мамлекет кайрымдуулук фонддорунун акчасын, түрк компаниясынан миллиондорду алды. Бирок алар бизге жеткен жок», — деди митингдегилердин бири.

Мындан тышкары, кыштактын тургундары аларды көчүрүп кетиш үчүн эмгиче жер бөлүнүп берилбей жатканын айтып арызданышты. Алардын айтымында, жер деле бар, бирок бийлик аракет кылбай жатат.

«Жибек-Жолунда жана башка жакта жер толтура, болгону депутаттар аны бизге бергиси келбей жатышат», — деди башка митингчи.

Өкмөт өкүлдөрү курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарына компенсация бөлүп берүү боюнча сүйлөшүү жакында аяктай тургандыгын, азыр техникалык маселелер чечилип, документтер тууралаштырылып жатканын билдиришти.

«Курман болгон жарандардын туугандарына компенсация төлөө, ар кандай дене жаракатын алган жарандарга компенсация төлөө, авиакырсыктын айынан мамлекет тарткан зыяндын ордун толтуруу боюнча эки тараптын позициялары макулдашылды», — деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Өкмөт жабыркагандар менен акыркы жолугушуу 6-апрелде болгонун жана бийлик адегенде курман болгондор менен жабыркагандардын туугандарына компенсация төлөп берип, андан кийин көчүрүү маселеси менен алек болоорун билдирди.

«Дача-СУ айылынын тургундарын көчүрүү маселеси өкмөттүк деңгээлде чечилет жана ушуга окшогон турак-жай зоналары менен катар биринчи иретте каралат», — деп айтылат билдирүүдө.

Митингдегилер эгерде бийлик эч кандай аракет кылбаса мындан да чоңураак митингге чыгаарын айтышты.

Үч ай бою компенсация жок

Учактын кыйрашынан жабркагандар үч айдан бери бийлик убада берген компенсацияларды ала албай келатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебинде 100 миллион сом бар. Учактын ээси болгон түрк фирмасы да өкмөткө жабыркагандар үчүн 42 миллион сом которгон.

Кыштактын 100дөй тургуну буга чейин эле 2016-жылдын 14-мартында митингге чыгып Дача-СУдан көчүрүүнү талап кылган. Анда алар такай өткөн учактардын айынан Дача-СУда жашагандан коркуп калышканын, ал эми керосиндин жыты ден соолугуна терс таасир этээрин билдиришкен.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов ал кезде кыштактын тургундарын көчүрүү маселеси чечилбей тургандыгын, анткени бош жер жок экенин айткан.

Жүк ташуучу «Боинг-747» 16-январда Дача-СУ кыштагына кулаган. Учак эл жашаган үйлөргө түшкөн. Кырсыктын кесепетинен улам 39 киши курман болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: