Садыр Жапаров: Мигранттарыбызды колдоо үчүн мүмкүн болгон аракеттерди улантабыз

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Жапаров чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мекендештерди, өзгөчө ЕАЭБ аймагындагы эмгек мигранттарын колдоо үчүн «мүмкүн болгон аракеттер жасаларын» айтты.

«Мисал катары 2021-жылдын 29-январындагы “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” жарлыкты айтууга болот. Ага ылайык 2021-2030-жылдарга Кыргызстанда Миграциялык саясатынын концепциясы бекиген. Бул документ өлкөдөгү миграция процессин жөнгө салуу маселелеринде узак мөөнөттүү көз карашты туюнтат», — деди Жапаров.

Ошондой эле ал мекендештер үй-бүлөсүнүн жана өздөрүнүн жеке жашоосуна гана эмес, кичи мекендерин дагы өнүктүрүүгө салым кошуп жатканын белгиледи.

«Акыркы жылдары чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибиз Кыргызстандагы түрдүү долбоорлорго инвестиция салууга кызыгууларын билдирип келишүүдө. Кыргызстанда жумуш орундарын түзүп, мекендештерибизди өз мекенинде, өз үйүндө, балдары менен ата-энелеринин кашында болуп, иштеши үчүн бар күч-аракетибизди жумшайбыз!» — деп убадалады президент.

Жарандарды жумушка орноштуруу борборунун расмий маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдө 1 млндон ашуун кыргызстандыктар эмгектенип жүрөт. Мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусияда — 1 миллиондон ашуун жаран.

Тема боюнча:

Жумуш бар, бирок сиз үчүн эмес. Кыргызстандыктар үчүн чет жерде жумуш табуу түйшүгү