Президенттин администрациясы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору боюнча келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычын башкаруу боюнча макулдашуу ратификациялангандан кийин Өзбекстанга өтүп жаткан жерлердин аянтындагы айырма боюнча комментарий берген жок.
Өзбекстандын президентинин администрациясынын 30-ноябрдагы пресс-релизинде өзбек тарапка суу сактагычтын 4 957 гектар аймагы жана плотинаны тейлөө жана күзөтүү үчүн кошумча 19,5 гектар жер өтүп жатканы айтылган.
Бирок, УКМКнын жана мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон кыргыз бийлиги бир нече жолу Өзбекстанга Кемпир-Абаддын алдынан болгону 4 485 гектар жер өтөрүн билдирген.
Жалпысынан эки тараптын маалыматындагы сандарда айырма 500гө чукул гектарды түзөт. Бул кандайча экенин такташ үчүн «Клооп» президенттик администрацияга кайрылды, бирок ал жактан суроого жооп беришкен жок.
«Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору тууралуу келишимге байланыштуу бардык маалымат буга чейин толук түрдө коомчулукка жана ЖМКга берилген», — деп айтылат президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кол койгон жоопто.
Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо үчүн 17-ноябрда добуш беришкен. Документтер дароо үч окууда кабыл алынган. Андан кийин документтер өзбек парламентинде да ратификациядан өткөн.
Андан кийин чек ара жөнүндө келишимге жана Кемпир-Абад боюнча макулдашууга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев кол коюшкан.
Кыргыз бийлиги документтер Кыргызстан үчүн пайдалуу экенин айтып ишендирген, бирок ага карабастан демилгеге бир топ киши каршы чыккан. Мындан улам Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы болгондор Бишкекте жана Ошто митингге чыгышкан.
Ошондой эле Кемпир-Абад маселеси 30га жакын активист жана саясатчыны жапырт кармоого себеп болуп берген. Алардын көбү дагы деле камакта — баары тең суу сактагычты берүүгө каршы чыгышкан.
Бийлик болсо кармалгандарды «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп айыптоодо, ал эми президент Садыр Жапаров иштин фигуранттары «төңкөрүш уюштуруу планы» үчүн «өз убагында» камакка алынды деп так кесе айтып жатат.