Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) кыргыз бийлигине кайрылып, «Азаттыкты» жабуу боюнча берилген доо арызды кайтарып алууга чакырды.
CPJ программасынын Европа жана Борбор Азиядагы координатору Гүлноза Саид «Кыргызстандагы эң көрүнүктүү жана кадыр-барктуу маалымат каражаттарынын бирин жабуу өлкөдөгү сөз эркиндигинин тарыхында кара так болуп каларын» белгиледи.
«Кыргыз бийлиги “Азаттык” радиосун жабуу боюнча берген арызын артка чакыртып, басылманын сайтына коюлган бөгөттү алып, банк эсебин ачып жана ЖМКнын оозун жабуу аракетинин баарын токтотушу керек», — деп айтылат билдирүүдө.
23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы белгилүү болгон. Министрлик сотко жазган арызында «Азаттык» 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжал тууралуу видеоматериалды өчүрө электигин жана ал соцтүйүндөрдө таркап жатканын көрсөткөн.
«Азаттык Медианын» аракети, арыз ээлеринин пикиринде, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген талаптарына каршы келет.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай акыркы жагдайга байланыштуу комментарий берип, алар «өлкөдөгү ишиин улантуу үчүн мүмкүн болгон бардык мыйзамдуу жолдорду колдонушарын» билдирди.
«Биз “Азаттык” Радиосуна жана биздин көз карандысыз репортаждарга карата болуп жаткан мыйзамсыз айыптоолорду четке кагабыз [...] Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса дагы бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз», — деп белгиледи ал.
Маданият министрлиги «Азаттык» радиосунун үстүнөн жазган арыз боюнча сот отуруму 9-февралда саат 09:30да Ленин райондук сотунда өтөт.
«Азаттык» сайтынын бөгөттөлүшү
2022-жылдын октябрь айында «Азаттык» үналгысынын сайты эки айга бөгөттөлгөн. Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган. Кийин «Азаттыктын» сайты бөгөттөөгө себеп болгон материал өчүрүлмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берери белгилүү болгон.
Министрликтен «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалы себеп болгонун билдиришкен.
Маданият министрлиги сюжетте «кастык тилинин элементтери, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар колдонулган» деп эсептейт.
Андан кийин DemirBank коммерциялык банкы УКМКнын талабы менен сот чечимисиз эле «Азаттык Медианын» аталган банктагы эсебин бөгөттөгөн. Банктан эсеп акчаны адалдаштыруу жөнүндө мыйзамынын негизинде бөгөттөлгөнүн билдиришкен.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай басылма «окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат» деп белгилеп, бул кадамды «эркин ЖМКны куугунтуктоо» катары сыпаттаган.
ЖМКнын өзүн президент Садыр Жапаров бир канча жолу сындаган — өлкө башчысы басылма анын сөздөрүн бурмалайт деп эсептейт. Жапаров «Азаттыктын» Баткендеги куралдуу кагылышты чагылдырганына да реакция кылган. Президент «Азаттык» бул окуяны Кыргызстан Тажикстанга биринчи кол салды деп жазып, туура эмес чагылдырган деп нааразы болгон.
Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Human Rights Watch кыргыз бийлигине кайрылып, «Азаттыктан» чектөөнү алууну талап кылышкан.
Мэдиаэксперттердин пикиринде, «Азаттыктын» сайтын бөгөттөө — бийликтин көзкарандысыз ЖМКга басымы. Алар бийликтин бул сыяктуу басымы басым улана берет деп эсептешет.