Сокулук: Жашы жете элек кызга ыплас аракеттерди жасоого шектелген киши кармалды

Сокулук РИИБнин кызматкерлери жашы жете элек кызга ыплас аракеттерди жасоого шектелген кишини кармады. Кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн аракети боюнча милицияга арыз февралда келип түшкөн. Анда Сокулук районунун тургуну коңшусу жашы жете элек кызына карата ыплас аракеттерди жасаганын билдирген. Бул боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү 25-апрелде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага «Ыплас аракеттер» беренеси менен айып тагылды.

Балдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Мындан тышкары зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор иштейт. Ал жерге төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

  • Бишкектеги балдарга жардам берүү борборунун номери: +996773192099 жана +996707079597.
  • Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.
  • Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;
  • Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;
  • Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Сууда 5-6 жашар кыздарга ыплас аракеттерди жасоого шектелип 44 жаштагы киши кармалды