Бакиев менен маек курган Кошалиев өз каалоосу менен УТРКдан кетти

Бозгун президент Курманбек Бакиев менен маек курган УТРКнын кызматкери Кадырали Кошалиев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу 23-майда Улуттук телеканалдан билдиришти.

Маалыматта Кошалиев УТРКнын этика жана тартип комиссиясы корутунду чыгара электе, «корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбей» иштен кеткени айтылат.

«Маекти кабарчы корпорациянын жетекчилиги менен макулдашпай, өзүнүн жеке демилгеси менен тартып келген. Ар бир эфирдик материал алдын ала макулдашылып, жетекчиликтин кароосунан өткөндөн кийин гана программага киргизиле турганы коомчулукка маалым. УТРК жеке тараптардын жана топтордун кызыкчылыгын коргоого албайт», — деп белгилешти телеканалдан.

Кошалиевдин Бакиевден маек алуу боюнча каналдын жетекчилигине маалымат бербегенин УТРКнын продюсери Алмаз Касымалиев да айткан. Ал эми президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Кошалиевдин маегин «кесиптик изденүү» деп атаган.

Бул маселе 18-майда Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Элвира Сурабалдиева УТРК Кадыр Кошалиевди жумуштан алсын же бийлик «УТРК Бакиевдерди реабилитация кылуу ишин баштадыбы?» деген суроого жооп берсин деп талап кылган.

22-майда Таласта курултайдын делегаттары чогулуп, Кошалиевдин бозгун президент менен маегине нааразычылык билдирип, анын төрагалыктан кетүүсүн талап кылышкан. Ал төрагалыкты тапшырбай турганын айткан.

Кошалиевдин Бакиев менен болгон маеги

Коомдук ишмер Кадырали Кошалиевдин тактан кулатылган президент Курманбек Бакиев менен курган маеги 16-майда жарыяланган. Маектин башына УТРКнын «Кыргыз ааламы» берүүсүнүн жасалгасы колдонулган.

Анда Бакиев адвокат жалдап, видеобайланыш аркылуу өз иши боюнча сотко катышкысы келерин билдирген. Ал ага карата козголгон кылмыш иштерин иликтөөдө ката кетирилген деп айткан.

«Мени айыптоо маселе боюнча, эң чоң катачылык кетирилген, Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелерин бузуу менен болгон. Ошого карабастан, ишти сотко өткөрүп, соттоп салышты. Бирөө келип сурап койбоду да, кандай болду 7-апрель деп. [...] Менден адвокат болгон жок. Өздөрү адвокат белгилеп, баарын өздөрү чечип, өздөрү токуп дегендей, чечим чыгарып койгон. Анда бул кызык прецедент болуп жатат да», — деген ал.

Курманбек Бакиев — Кыргызстандын тактан кулатылган экинчи президенти. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качкан, ал жерде башпаанек алып, бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде жашап келет.

Сот Бакиевди сыртынан 30 жылга эркинен ажыраткан, анын 25 жылын ал күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өткөрүшү керек. Бирок кыргыз бийлигинин аны өлкөгө экстрадициялоо аракетинен майнап чыга элек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Орунбеков Кошалиевдин Бакиев менен курган маегин «кесиптик изденүү» деп атады