Орунбеков Кошалиевдин Бакиев менен курган маегин «кесиптик изденүү» деп атады

Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков УТРКнын кызматкери, коомдук ишмер Кадырали Кошалиевдин бозгун президент Курманбек Бакиев менен курган маеги боюнча 22-майда пикирин билдирди.

Ал Элдик Курултайдын төрагасы болуп, Бакиевден маек алган Кошалиевдин айланасындагы талкууну «саясатташтыруунун кереги жок» деп эсептейт.

«Анын журналист катары мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевден алган маектери өзүнүн тандоосу, кесиптик изденүүсү деп эсептейбиз. Ошондой эле, даярдаган маеги мамлекеттик маалымат каражаттарынан чагылдырылбаганын баса белгилейбиз», — деди ал.

Орунбеков Кошалиевди Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагалыгынан «кетирүү талабын койгондор» бар экенин белгилеп, төрага курултайдын белгиленген мөөңөтү аяктаганда, кийинки Элдик Курултайда жаңы дайындаларын белгиледи.

Азыр «Элдик Курултай жөнүндөгү» мыйзам долбоору парламенттин кароосунда. Бирок курултайдын убактылуу жобосунда делегаттар бир жылга шайланып, төрага Аксакалдар кеңешин жетектээри айтылыт.

Буга чейин Кошалиевдин алгач Бакиев, кийинчерээк Акаев менен курган маеги ютубда жарыяланган. Маектин башына УТРКнын «Кыргыз ааламы» берүүсүнүн жасалгасы колдонулган. УТРК бул боюнча ички териштирүү баштаган.

Андан кийин Таласта курултайдын делегаттары чогулуп, Кошалиевдин бозгун президент менен маегине нааразычылык билдирип, анын төрагалыктан кетүүсүн талап кылышкан. Кошалиев болсо постунан кетпей турганын айткан.

Кыргызстандагы эркин ЖМКнын абалы

Кыргызстанда бийликтин ЖМКга жана сөз эркиндигине карата басымынын жаңы толкуну байкалууда. Буга иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы, «Азаттык Медианын» ЖМК катары ишмердүүлүгүн токтотулушу жана журналисттер менен блогерлердин байма-бай суракка чакырылышы анык мисал болуп бере алат.

Бирок Орунбеков «Азаттыктын» айланасында кырдаалды талкуулап жатып, «кыргыз бийлиги сөз эркиндигин жана демократиялык коомдун принциптерин коргоого берилгендигин», өлкөдө «көз карандысыз ЖМКнын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн» билдирген.

Бийлик башындагылар деле ушундай пикирде. Алар «эч кандай басым-кысым жок, Кыргызстан мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин карманат, ал эми адамдын укугу менен эркиндиги — өлкөдөгү эң бийик баалулуктардын бири» деп ишендирип келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖМК объективдүү болушу керек — Орунбеков АКШ элчиси менен «Азаттыктын» жагдайын талкуулады

УТРК Кошалиевдин Бакиев менен курган маеги боюнча ички териштирүү жүргүзөт